Жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү аныкталды. Видео

Жаңы мыйзамга ылайык 2020-жылдагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо күнү да белгиленди. Ага ылайык, шайлоо кийинки жылдын апрель жана октябрь айларынын экинчи жекшемби күндөрүнө коюлду. Бул тууралуу ЖК депутаттары менен БШКнын өкүлдөрү жергиликтүү бийликтегилерге курган жыйын учурунда тушүндүрүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жаштарды кызматташууга чакырат. Видео

Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу атайын өкүлү Расул Кадыров TMG телеканалынын “Ачык талкуу” ток шоусунда билдирди.  Анын айтымында, жаштар БШКга мүчө болуп катталып, шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоочу катары көз сала алат. 

Жергиликтүү кеңеш депутаттары төш белги алышат

Мындан ары жергиликтүү кеңеш депутаттарына төш белги берилет. Президент Сооронбай Жээнбеков “Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду. Президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлагандай, мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет. Мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын күбөлүгү жана төш белгисин камсыздоо Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырылсын деп жазылган. Мыйзамдагы карама-каршылыктардан улам 2016-жылдан […]

Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришти

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Таалайбек Сарыбашевге тиешелүү күбөлүк тапшырылды. Эми ал бүгүн, 24-июлдан тарта мэрлик кызматка расмий киришти.   Күбөлүктү Сарыбашевге аймактык шайлоо комиссиясы  тапшырды. Иш чарага өкмөттүн вице-премьер-министри Замир Аскаров,  Ош мэриясынын өкүлдөрү жана шаардык кеңеш депутаттары катышып, жаңы мэрге ийгилик каалашты. Ал эми кызматына расмий киришкен Таалайбек Сарыбашев көрсөтүлгөн ишенимди актоого жана […]

Таалайбек Сарыбашев кызматына киришет

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев эртеңден кызматына киришет. Тиешелүү күбөлүктү аймактык шайлоо комиссиясы 24-июлда тапшырат. Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Ал белгилегендей, боршайком 18-июлда өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду бүгүн бекитти.  «Ош шаарына Таалайбек Сарыбашев мэр болуп расмий бекитилди. Токтомду БШК бүгүн кабыл алды. Күбөлүктү эртең Ош мэриясынын […]

Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев аткарып жатат

Азыр Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев убактылуу аткарып жатат.  Ал Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришкенге чейин бул кызматта болот. Мындай маалыматты  “Т-Медиага” мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. Таалайбек Сарыбашев БШК тарабынан расмий күбөлүк тапшырылганда гана мэрликке киришет.  Качан тапшырылышы 3 күн ичинде белгилүү болот. Бул убакыт аралыгында аймактык шайлоо комиссиясы мэр шайлоо боюнча арыз-даттанууларды […]

Сарыбашев кийинки аптадан мэрликке киришет. Эгер арыз-даттануулар түшпөсө

Ош мэрин шайлоо өттү деп таанылды. Тиешелүү протоколдор БШКга жөнөтүлдү. Эгер үч күн ичинде арыз-даттануулар түшсө, ал да боршайкомго жиберилет. Азырынча шайлоо таза өттү деп бааланып жатат. Ошол эле учурда шайлоо эрежелери бузулганы да айтылды. Шайлоо талабына ылайык,  бюллетендер бүктөлүп ташталыш керек эле. Бүгүнкү шайлоодо айрым депутаттар ачык эле көрсөтүп таштап жатышты. Эгер жогорудагы айтылгандар […]

Таалайбек Сарыбашев облус башчылыгын тапшыра элек

Ушул тапта өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүн Таалайбек Сарыбашев жетектеп турат. Азырынча ээлеген кызматын качан тапшыраары анык эмес. Мындай маалыматты “Т-Медиага” өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди. “Таалайбек Сарыбашев мэрликке талапкер болгондон бери эле өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү катары иштеп келе жатат. Мэрлик кызматка расмий киришкенде гана ээлеген кызматын тапшырат. Азырынча өкмөт […]

Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды

Ош шаарынын мэрин шайлоо аяктады. Добуш берүү жараяны жашыруун өттү. Жыйынтыгында, Таалайбек Сарыбашев 44 добуш менен мэр болуп шайланды.  Аймактык шайлоо комиссиясы токтом чыгарып, шайлоо өттү деп эсептеди . Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутат толугу менен катышты. Шайлоо мыйзамына ылайык, депутаттардын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоону өттү деп эсептелет. Эске салсак, Ош […]