чек ара - Т-медиа

Төрөбаев: Чек ара маселеси боюнча комиссияга өзгөчө макам берүү керек

Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссияга өзгөчө макам берүү керек экенин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү — Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

УКМК жарандарды чек ара маселесинде провокацияга алдырбоого чакырды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, жарандарды чек ара маселесинде, эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо келтирген жана улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат.

Баткен: тажик тарап талаш жердеги курулуштардын бирөөсүн токтотту

Тажикстандыктар Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Жака-Өрүк айылындагы такталбаган жер тилкеде курулуш ишин жүргүзүп жатат. Ал эми Лейлек районундагы Максат айылындагы жердеги курулуш токтотулган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.