чемпионат - Т-медиа

АФК Кубогу: EREM клубу алгачкы беттешүүсүндө утулду (сүрөт)

Футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону аталган EREM клубу Азия чемпионатындагы алгачкы беттешинде ири эсеп менен утулуп калды. Кыргызстандык команда 1-оюнду кытайлык Shenzhen Nanling клубу менен өткөрдү. 2 бөлүктөн турган беттештин жыйынтыгы 3:8 менен аяктап, кыргызстандык футболчулар утулуп калды. Таиланда өтүп жаткан Азия кубогуна EREM командасы экинчи ирет катышууда. Оштук команда өткөн жылы да АФК кубогуна катышып тайпалык оюндардан ары […]

Сууда сүзүү боюнча жайкы чемпионат башталды (фото)

Бишкек шаарында 17-майда жайкы сууда сүзүү боюнча чемпионат башталды. Мелдеште жалпы 34 комплект медаль ойнотулат. Ага 100 спортчу катышып, биринчилик үчүн ат салышууда. Мелдеш 17-18-май күндөрү Бишкек шаарындагы «Дельфин» суу бассейнинде болот. Мелдештен фото баян

Көкбөрү боюнча өлкө биринчилиги башталды

9-май Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көкбөрү боюнча мелдеш старт алды. Алгач биринчи лиганын оюндары бүгүн, тагыраагы 4-майда старт алды. Бул жылы 1-лигага  16 команда катышууга билдирүү берген. Натыйжада чүчүкулакка ылайык бүгүн төрт жуптук беттеш орун алат. Бүгүнкү оюндарга көңүл буралы: «Кара-Ой Келечек» – «Төш Булак», «Алкан-Ата» – «Четинди», «Ак Суу» – «Тору […]

Футбол: Кыргызстандын Премьер-лигасындагы алгачкы оюндар аныкталды (тизме)

Кыргызстандын футбол боюнча Премьер-лигасынын 1-турунда кайсы командалар ойноору аныкталды. Белгилүү болгондой быйылкы сезондо жогорку лигада 8 команда ойной турган болду. Алгачкы оюндар 6-апрелде Кант менен Ош шаарларына пландалган. 1-лигадагы алгачкы беттеш 7-апрель күнү боло турган болду. Быйылкы сезондогу жалпы беттештердин жадыбалы 4-апрелде белгилүү болмокчу. 6 апрель 14:30 «Абдыш-Ата» — «Илбирс» Кант шаарындагы  стадион  «Абдыш-Ата» 16:30 […]

Бишкекте бокс боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдирди. Маалыматка ылайык, мелдеш 15-18-ноябрь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында болот. Өлкө биринчилигине, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 19 жаштан 40 жашка чейинки спортчулар күч катыша алат. Эркектер сегиз салмак категорияда (46-52 кг, 57 кг, 63 кг, 69 […]

Дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт

1-2-декабрь күндөрү дзюдо боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында дене-тарбия жана спорт агентигинен кабарлашты. Мелдеш Бишкек шаарындагы Арча-Бешиктеги ден соолукту чыңдоо борборуна уюштурулат. Анда эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдын 14 комплектиси ойнотулат. Мелдештеги кыздар 7 салмактык категоряда мелдешет . Эркектердики 60, 66, 73, 81, 90, 100 килограммга чейин жана 100 килограммдан жогорку салмактык […]

Көк бөрү чемпионаты: жарым финалга төрт команда чыкты

Көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын жарым финалчылары аныкталды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди. 31-октябрдагы оюндардын жыйынтыгында Ош облусунун улакчылары Нарындын оюнчуларын 8:1 эсебинде жеңди.  Таластан барган көк бөрүчүлөр Ысык-Көл облусунун командасын 7:1 упай менен утса, Чүй командасы Ош шаарынын улакчыларын 12:3 эсеби менен жеңди. Эми бүгүн, 1-ноябрда жарым […]

Юрий Краковецкий коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн «Grand Slam Abu Dhabi 2018» эл аралык турниринде коло медаль тагынды. Турнир 27-29-октябрь күндөрү Абу-Даби шаарында өтүп, анда Краковецкий 100 кгдан жогорку салмак ченинде күч сынашкан. Ал чейрек финалда орусиялык балбанга утулуп калган. Коло байге үчүн беттешке анын каршылашы, израилдик дзюдочу белгисиз себептер менен килемге чыкпагандыктан Краковецкий […]

Көк бөрү: Кыргызстандын чемпионаты Ошто өтөт

Ош шаарында көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстандын биринчилиги көп жылдан бери уюштурулбай калган. Мында Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда күч сынашат. Мелдештер Оштун «Төлөйкөн» ат майданында 29-октябрда башталып 3-ноябрга чейин созулат. Байге […]

Азиада-2018: Айсулуу Тыныбековага алтын ыйгарылабы? Микровидео

Азия Олимпиада кеңеши монгол күрөшчүсү Орхон Пуревдоржду алтын медалдан ажыратты. Эреже боюнча эми алтын медал экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилип калат.