"Дордой" - Т-медиа

АФК Кубогу: Дордой командасы Алтын Асырга утулду (5-тур жыйынтыгы)

Кыргызстандын чемпиону «Дордой» командасы Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асырга» утулуп калды. АФК Кубогундагы 5-тур оюнунда «Дордой» Түркмөнстанда конок катары бетеш алып барды. Эки өлкөнүн чемпиондорунун беттеши 3:1 эсеп менен «Алтын Асырдын» жеңиши менен аяктады. Голдор: Алтынмурат Аннадурдыев, 23 (1:0); Азамат Байматов, автогол 62 (2:0); Эрнист Батырканов, 86 (2:1); Мурат Яхшиев, 89 (3:1) АФК Кубогундагы 5-тур оюндарынын […]

АФК Кубогу: Дордой өз талаасында Тажикстан чемпиону менен ойнот

АФК кубогунун 4-тур оюндарынын алкагында Дордой командасы Тажикстандык Истиклол менен өз талаасында ойнойт. Эки команданын беттеши 15-майга белгиленип, оюн Бишкек шаарындагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Футболдук беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.  АФК кубогунун тайпалык оюндарында жалпы 3 турдун жыйынтыгы менен Истиклол 7 упай топтоп алдыда келатат. Ал эми Дордой командасы 3 беттештин […]

АФК Кубогу: «Дордой» Таджикстандык «Худжандга» утулуп калды

Кыргызстандын «Дордой» командасы АФК кубогунун 2-тур оюнунда «Худжандга» 3:1 эсепте утулуп калды. Бул «Дордой»-«Худжанд» командаларынын 1-беттеши. Андыктан жооптук оюн Дордойдун  талаасында болмокчу. Бул жолку беттеште алгачкы голду 1-бөлүктүн 16-мүнөтүндө Дордой оюнчусу Бекжан Сагынбаев киргизди. Бирок атаандаштардын жооптук голу көпкө күттүрбөй 1-бөлүк аягында Дильшот Восиев эсепти теңеп койду. 2-бөлүктө Дильшот Восиев дубль кылып эсепти 2:1 ге жеткирди. Беттештин […]

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулат

Бишкек мэриясы апрелде таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна тендер жарыялоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов билдирди. Анын айтымында, май айында Бишкектин учурдагы таштанды полигонунан 500 метр алыстыкта жаңы таштанды төгүү жайы курула баштайт. Ал 2020-жылы жазында пайдаланууга берилгенден кийин, анын аймагында таштандыларды ылгоо заводу […]

Алай Дордойдон жеңилди

Оштун “Алай” командасы өз талаасында Бишкектин “Дордойунан” жеңилип калды. Топ-Лиганын 22-турунун алкагындагы оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталды.  Топ-Лиганын 22-турунун алкагындагы оюн эки команда үчүн маанилүү беттеш болчу.»Алай» жеңишке жетсе турнирдик жадыбалда биринчи катарга чыкмак. Оюн жыйынтында Бишкектин «Дордойу» жеңишке жетип, турнирдик жадыбал боюнча  “Алайды” 5 упай артта калтырды.