Мамлекеттик сыйлыктар: Ош облусунан кимдер наам алат? Инфографика

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылат. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 30-августта кол койду. Президенттин жарлыгы боюнча III даражадагы «Манас» ордени, «Даңк» ордени, эмгек сиңирген мугалим, эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген кызматкер наамдары жана КРнын ардак грамотасы ыйгарылат. Мамлекеттик сыйлыкка Ош облусунан да бир катар кызматкерлер көрсөтүлгөн. Алардын тизмеси төмөндө:

Эртең эгемендүүлүк майрамы белгиленет. Ошто кандай өтөт?

Көз карандысыздыктын 27 жылдыгы Ош шаарында бир катар майрамдык иш чаралар менен белгиленет. Театрлаштырылган оюн-зооктордон сырткары улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер өтеөрүлмөкчү.  Майрамдык иш-чаралардын тизмеси: Эгемендүүлүккө арналган салтанаттын негизги бөлүгү саат 10:00до Ош шаарынын борбордук аянтында өтөт. Сахналаштырылган оюн-зооктор шаардык маданият башкармалыгы жана театр кызматкерлери тарабынан көрсөтүлөт. Салтанаттын расмий бөлүгү жыйынтыкталаары менен майрамдык жарманке уюштурулат. Иш […]

Ошто эгемендүүлүк майрамы эрте белгиленет

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгын Ош шаары быйыл өзгөчө белгилейт. Август айынын ар ишемби күндөрү майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош мэриясынан кабарлашты.  Көз карандысыздык күнү 4-11-18-25-август күндөрү калаанын эс алуу бактарында белгиленет. Концерттик программалар Ош шаардык маданият башкармалыгы жана театр кызматкерлери тарабынан көрсөтүлөт. Андан сырткары шаардагы музыкалык мектеп жана балдардын чыгармачылык борбору атайын программаларды коюшат. […]