футбол - Т-медиа

Сурамжылоо: Кыргызстан-Тажикстан беттешинде кайсы футболчу гол жаратат?

2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында кыргыз-тажик курамаларынын беттеши бүгүн 5-сентябрда Душанбе шаарында болот. Оюн борбордук стадиондо  Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат. 

Футбол: Тажикстанга каршы оюнга Ак Шумкарлардын курамы белгилүү болду (тизме)

2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында кыргыз-тажик курамаларынын беттеши 5-сентябрда Душанбеде болот. Бул беттешке Кыргызстан командасынын курамы жарыяланды. Бул тууралуу футбол федерациядан маалымат таратышты. Ага ылайык жарыяланган тизмеде Азия кубогунда курамага капитандык кылган Валерий Кичин жазылган эмес. Мындан сырткары Виктор Майер да бул жолку курамда көрсөтүлгөн жок. Андыктан жаңы курам төмөндөгүчө тузүлгөн: Дарбазачылар:  Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»), Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, Павел […]

Футбол: Валерий Кичин быйылкы сезондо Европа Лигасында ойнойт

Футбол боюнча кыргыз курамасынын мүчөсү Валерий Кичин быйылкы жаңы сезондо Беларусиянын «Динамо Минск» клубу менен келишим түздү. Эми кыргызстандык футболчу аталган клуб менен Европа Лигасында да ойной алат. Анткени «Динамо Минск» командасы быйылкы жылы Европа Лигасына ойноого мүмкүнчүлүк алган. Валерий Кичин Европа Лигасында ойногон  кыргыз курамасындагы алгачкы  футболчу  болуп калууда. Европа Лигасы дүйнөдөгү  беделдүү футболдук чемпионаттардын […]

Футбол: Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунда Кыргызстан кайсы командалар менен ойноору маалым болду

2022-жылы Катарда боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында чучукулак тартылды. Ага ылайык Кыргызстан курама командасы алгачкы тайпалык бөлүктө Мьянма, Монголия, Тажикстан жана Жапон курамалары менен беттешээри маалым болду. Дүйнө чемпионатына чучукулак бүгүн Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында болду. Анда кыргыз курамасы «F» тайпасына туш келди. Ага ылайык Ак шумкарлар алгачкы оюнун 5-сентябрда Мьянмага каршы өткөрөт. Ал эми өз талаасындагы биринчи […]

Футбол: Бразилия курамасы Америка чемпиону болду

Бразилиянын футбол боюнча курама командасы Америка кубогун жеңип алды. Жекшемби күнү, Рио-де-Жанейронун «Маракана» стадионунда континент биринчилигинин финалы болуп өттү. Бразилиялыктар өз үйүндө Перунун курама командасы менен беттешти. Мелдеш 3:1 эсебинде аяктап, мындай жыйынтыкка Эвертон (15-мүнөттө), Габриэль Жезус (45-мүнөттө) жана Ришарлисондун (90-мүнөттө) киргизген голдору жеткирди. Перулуктардын жападан жалгыз голун 44-мүнөттө Хосе Паоло Герреро киргизди. Финалдык беттештин […]

Футбол: Ошто ЖМКлар арасында футбол мелдеши өттү

Ош облусундагы ЖМКлар арасындагы футбол боюнча мелдештен кыска видео маалымат даярдадык. Бул мелдеш Тайыржан Турсуналиевтин элесине арналып уюштурулган. Футбол быйылкы жылы экинчи ирет өткөрүлүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы мелдеште күтүлбөгөн жыйынтык болду. Мелдеш тууралуу кыска видео маалыматты көрөбүз.  

Футбол: Кыргыз Премьер лиганын 11-тур оюндары аныкталды

Кыргыз Премьер лигасынын 11-тур оюндарынын жадыбалы аныкталды. Ага ылайык, бул турдагы биринчи беттеш 22-июнь күнү башталат. 11-турдун биринчи жуптук беттеши Алай командасы менен Лидер командалары ортосунда орун алат. Оюн 22-июнь күнү 16:00 дө башталып, ушул эле күнү Нефтчи менен Илбирс командалары кез келет. Демек 11-турдагы оюндардын жадыбалына назар салалы: 22 июнь 16:00 «Академия-Лидер» — «Алай» […]

АФК Кубогу: Дордой командасы Алтын Асырга утулду (5-тур жыйынтыгы)

Кыргызстандын чемпиону «Дордой» командасы Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асырга» утулуп калды. АФК Кубогундагы 5-тур оюнунда «Дордой» Түркмөнстанда конок катары бетеш алып барды. Эки өлкөнүн чемпиондорунун беттеши 3:1 эсеп менен «Алтын Асырдын» жеңиши менен аяктады. Голдор: Алтынмурат Аннадурдыев, 23 (1:0); Азамат Байматов, автогол 62 (2:0); Эрнист Батырканов, 86 (2:1); Мурат Яхшиев, 89 (3:1) АФК Кубогундагы 5-тур оюндарынын […]

Футбол: Кыргызстан-Палестина буга чейин 5 ирет беттешкен (көрсөткүчтөр)

Ушул жылдын 11-июнь күнү Бишкек шаарында футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФК кубогунан кийинки биринчи жолдоштук беттешин өткөрөт. Курама команданын Палестина менен болгон беттеши Бишкек шаарындагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Эки курама жаатын оюну 11-июнь кечки 20:00гө белгиленген. Буга чейин эки команда 5 ирет беттешип анда Ак шумкарлар бир ирет уттуруп койгон. Ал […]