ИИМ - Т-медиа

Өкмөт башчы ИИМди карасанатай кызматкерлерден арылууга чакырды

Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө уюштуруу жана кадрдык өзгөртүүлөрдү кабыл алып, милициянын беделин бузган, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден арылышы керек. 

ИИМ: Атамбаевдин адвокаттары иш менен таанышууну создуктурууда

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сотко чейинки тергөө аяктаганын адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге 30-августта эле билдирген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК: мушташка катышкандарды жашырды деген милиция кызматкерлери кармалды

Бишкек шаарында эки кишини каттуу сабагандарды жашырды деп шектелген Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин (УКМК) маалымат кызматы билдирүү таратты.

Кытай кыргыз милициясына техникалык жардам көрсөттү

Кытай өкмөтү Кыргызстандын ички иштер министрлигине чопкутталган (брондолгон) автобус, кичи автобус, жол тандабастарды жана машинелерди берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул автоунаалардын жалпы баасы 30 миллион юанды же 4,3 миллион долларга жакын каражатты түзөт. Быйыл майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи техникалык жардам жөнүндө макулдашкан. 3-июнда автоунааларды […]

Жалал-Абад: 7 жаштагы баланы өлтүрүп койгон жаран кармалды

Кечээ, 5-апрелде Ноокен РИИБге Масы айылынын 36 жаштагы жашоочусу кайрылып, биринчи класстагы уулу дайынсыз жоголуп кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Арызда 4-апрель күнү болжол менен түштө белгисиз адамдар уулун айылдын аймагынан алып чыгып кетишип, азыркы учурда кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгы көрсөтүлгөн. Жарандын арызы боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан 170-берене боюнча (Адам […]

Ички иштер органдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүү кирет

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында “ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбоор — жаӊы жылдан тарта бир катар кодекстер менен дал келтирүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ички иштер органдарынын ишин жакшыртууга багытталган. Сунушталган долбоордо ички иштер органдарынын милдеттери же ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өз компетенциясынын […]

Жалал-Абаддын тургуну 2,5 килограмм маңзат менен кармалды

Бишкек-Ош унаа жолунда 2,5 килограмм салмактагы «гашиш» баңгизаты менен бир жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда “Чычкан” стационардык постунан “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаа текшерилип, ичинен маңзат табылган. «-Унааны Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Автоунаанын ичин текшерүүгө алган учурда 190 даана ширеңке кутучасындай даярдалган […]

12-февралдан тарта “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштайт

12-февралдан тартып “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштайт. Бул туурадуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы жыйынтыкталып, анын алкагында камералар борбор калаанын 10 кесилишине орнотулган. Ал камералар бир жумадан кийин иштей баштайт. Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин билдиришинче «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камералар төмөнкү жети эреже бузууну каттоого алат. […]