Кара-Суу - Т-медиа

Кара-Сууда жер астынан өтүүчү өтмөк пайдаланууга берилди. Сүрөттөр

Сарай айыл өкмөтүнө караган базар айланасына курулуп жаткан жол астынан өтүүчү өтмөк пайдаланууга берилди. Ачылуу аземи кечээ 14-ноябрда өттү. Бул тууралуу маалымат аталган айыл өкмөттүн Facebook баракчасында жарыяланды.

«Мына Кылыч Саркарбаев аткан автомат» аттуу видео тарады бул чындыкпы же сабатсыз фейк аккаунтардын жоругубу?

Бүгүн социалдык тармактарда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев аткан автомат деген видео тарады. Аны Жигит Илимбеков аттуу фейсбук колдонуучу кечээ 26-сентябрь кечки саат 9дар чамасында жүктөгөн.

Айылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери. Микровидео

Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери калды. Сулайман Токсонбаев быйыл 100 жашка чыкты.  Ал 1941-жылы согушка чакырылып, 1945-жылы кайтып келген. Ардагер Украинанын батыш фронтунда кызмат өтөгөн. Согушта башынан, бутунан жана колунан жаракат алган. Учурда аксакалдын 9 баласы 45-небереси жана 65 чөбөрөсү бар. Жыл санап Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан ардагерлердин саны азайып бара […]

Кара-Суу районунун тургуну жаңы трактор жасады (видео)

Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн Эркиндик айылынын тургуну Сайфидин Сыдыков 230 ат күчүнө барабар трактор жасап чыкты. Жаңы техника эми гана талаага чыгып иштей баштады. Айылдыктар жаңы тракторго кызыгуусу күч, жаңы техниканы курап чыгууга 1 жыл убакыт кетти. Бул тууралуу кыска видеону көрүңүздөр.

Кара-Сууда 11-класстын окуучусу муунуп каза болду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 11-класстын окуучусу муунуп каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуучунун сөөгү үйүнүн короосундагы мал сарайда асынып турган абалда табылган. «Баланын ата-энеси Орусияда иштешет, аны чоң атасы тарбиялап жаткан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок окуучу баланын жакындары денени экспертизага берүүдөн баш тартты», -деп билдиришти ОИИБнын маалымат кызматы. Билим […]

Ошто адвокат сабалды. Окуянын чоо-жайы

Көз карандысыз адвокат Айсалкын Карабаеваны сабап кетишти. Окуяга Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын тиешеси бар деп айтылып жатат.  «Т-Медиага» Карабаева билдиргендей, 17-декабрда Кара-Суу райондук сотунда Папан айыл өкмөтүнүн жетекчиси Эрматбек Исмаилов менен жоопту адиси Рада Самиеванын соттук иши каралган. Соттон чыккандан кийин далдоо жерде күтүп турган бейтаныш 4-5 адам  жакалап сабап салган. Ур-токмоктон кийин жактоочу дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер […]

Кара-Суудагы өтмөк быйыл бүтпөйт. Видео

Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарынын жанына түшүп жаткан жер астындагы өтмөк быйыл пайдаланууга берилбейт.  Бул тууралуу «Т-Медиага» Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кушбак Абдырахманов билдирди. Айтымында, курулуштун кийинки жылга калтырылышына аба ырайы себепчи болгон. «Жол толук асфальтталбай калды. Асфальт төшөө үчүн аба ырайы 20 градустан жылуу болуш керек экен. Буга байланыштуу жолдун жарымына убактылуу асфальт төшөп, Ленин […]