80 жаштагы кемпир өрттөн каза тапты

Ош шаарынын Моминов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, 80 жаштагы Н.В аттуу кемпир каза тапты.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова «Т-Медиага» билдиргендей, тилсиз жоо кечээ, 22-январда катталган. Өрттөн турак үйдүн ичиндеги жыгач полу жана төшөнчүлөр күйгөн. Каза болгон жарандын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эки аял каза тапты

Бүгүн эрте менен Оштун  Джим көчөсүндө жайгашкан №1-көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, эки аял каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо таңкы саат 07:00 чамасында катталып, 08:05де толук өчүрүлгөн. Учурда каза болгон жарандардын өздүгү такталууда. Өрттүн келип чыгуу себебтерин тактоо иштери да башталды.

Саудиялык журналист эмнеге өлтүрүлдү? Жамал Хашогги ким?

Англия, Франция жана Германия мамлекеттери Сауд Арабияны журналист Жамал Хашоггинин өлүмү боюнча чындыкты жарыялоого  чакырды. Аталган өлкөлөр Сауд Арабиянын «Кашыкчы консулдукта тосуп алган кишилер менен жаңжалдашып, мушташтан каза тапты» деген билдирүүсүнө канааттанбай турганын билдирип, буга далилдерди талап кылды. Буга кошо окуяны дыккат териштирип, күнөөлүүлөрдү тезинен жоопко тартууга чакырды. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер журналистти өлтүрүүнүн артында падышалык турганы ачыкталса, […]

Жарылуу: Крымда 3 күн аза күтүү жарыяланды

Орусия тарабынан аннексияланган Крымда жарылуу катталып, 18 киши каза тапты. 50дөй адам жаракат алган. Бул тууралуу эл аралык массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Орусиянын териштирүү комитетинин билдирүүсүнө караганда, жарылууга чачыроочу бомба себеп болгон. Комитет окуяны «кылмыш» катары баалап жатканын белгиледи. Кол салууну Крымдын Керч шаарынан Владислав Росляков аттуу 18 жаштагы окуучу ишке ашырганын маалымдаган жергиликтүү органдар […]

Ош милициясы: прокурор орун басарынын өлүмү териштирилүүдө

Ош облустук прокурорунун орун басары Төрө Кожошовдун өлумү боюнча милиция териштирүүнү баштады. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, Кожошовдун өлүмү боюнча Ош облустук жана Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынан атайын топ иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала териштирүүнүн жыйынтыгында, прокурордун орун басары өзүн асып алган […]

Жээнбеков: Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат

«Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти […]

Белгилүү журналист каза тапты. Улан Эгизбаевдин таржымалы

Кыргыз журналистикасына доо кетти. Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев мезгилсиз дүйнө салды. Ал болгону 28 жашта эле. Курч иликтөөлөрү менен таанылган Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин бүтүргөн. 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. Уланбек Эгизбаев кыргыз журналистикасына кыска убакытта из калтыра алды. Ал эмгек чыйырын  2012-жылы […]

Ошто 50 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Ошто курулушу бүтө элек үйдүн жер төлөсүнөн асынып турган кишинин сөөгү табылды. Азырынча  өзүнө кол салганы же киши колдуу болгону аныктала элек.  Алдын ала маалыматтарга ылайык, 50 жаштагы маркум Ош шаарына таанышынын үйүнө келген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан “Т-Медиага” билдиришкендей, окуя 16-июлда  катталган. “ Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Маркум 15-июль күнү […]

Ошто 5 жашар кыз сууга агып кетти

Оштогу Озгур каналынан 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Ал 15-июлда суу жээгинде ойноп жатып түшүп кеткен. Окуя күбөлөрү агып кеткен кызды дароо эле таап алып чыгышкан. Тилекке каршы, жеткинчек куткарылганга чейин эле каза болуп калган экен. “Т-Медиага” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуяда кылмыш белгилери байкалбайт. Иликтөөнүн жыйынтыгы кыздын өлүмүн кокустук деп көрсөттү. […]