Казакстан - Т-медиа

Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карай баштады

12-сентябрда Казакстандагы Алматы шаардык сотунда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызы карала баштады. Аны соттун төмөнкү инстанциясы 12 жылга эркинен ажыраткан.

Орусиянын Байкоңурдагы ракеталык комплексине Назарбаевдин ысымы берилди

Байкоңурда курулуп жаткан Орусиянын ракеталык комплексине Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди. Бул тууралуу расмий билдирүү «Роскосмостун» сайтына жарыяланды.

Астана расмий Нур-Султан деп өзгөрдү

Бүгүн, 23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү жарлыгына кол койду. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды. 20-мартта казак өкмөтү өлкөнү 30 жыл башкарган Нур-Султан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын «Нур-Султан» — деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген. Казакстандын парламенти баш калаанын […]

Бишкекте эл аралык жаштар форуму өтөт

Бишкекте көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн жаштарынын башын бириктирген форум өтөт. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиргендей, «Туризмди өнүктүрүү» аталышындагы иш-чара 26-28-февраль күндөрү уюштурулат. Катышуучулар тийиштүү мамлекеттик орган жана туристтик компаниялар менен бирге аталган тармактагы маселелерди талкуулайт. Тажрыйба алмашууга КМШнын аймагында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистандан […]

Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарына видеокамера коюуну сунуштады

Казакстан Кыргызстандагы эки суу сактагычка видео көзөмөл орнотууну сунуш кылган. Бул тууралуу бүгүн «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди. Айтымында, февраль айындагы казак делегациясы менен болгон жолугушуу учурунда эки тарап жазгы сугат иштери тууралуу кеп курган. Анда казак тарап агызылып жаткан суунун көлөмүн түз эфирде көрүп туруу максатында Орто-Токой жана […]

Күйүүчү май 4 сомго чейин арзандашы мүмкүн

Казакстандан ташылып келген бензин 3-4 сомго арзан болот. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов айтты.  Анын айтымында, күйүүчү май Казакстандан импорттолсо Орусиядан ташылып келгенине салыштырмалуу  баа арзан болот. Орточо эсеп менен 3-4 сомго төмөндөшү күтүлүүдө. «Казакстанда бензин Кыргызстанга караганда болжол менен 10 сомго арзан. Эч кандай экспорттук жана импорттук бажы төлөмдөрү жок, бирок күйүүчү-майлоочу майдын акциздери болот. Анткени күйүүчү […]

Казакстанда жоолукчан окуучулардын ата-энелерине айып салынды

Казакстандын Актөбө облусунда жоолук салынган окуучулар мектепке киргизилбей жаткандыктан алардын ата—энелерине айыппул салынды. Алардын балдары Актөбө шаарынын №8 жана №60 орто мектебинде окушат. Облустук билим берүү тармагын көзөмөлдөө департаментинин өкүлү Жанар Мухамбеталина ар бир ата-энеге 12625 теңге (30 доллар) айыппул салынганын маалымдады. Аймактык билим берүү башкармалыгынын кабарлашынча, учурда облус аймагында “мектеп формасын бузгандыктан” сабакка катыша албай […]

Орусиядагы мушташка кыргыздардын тиешеси жок

Орусияда казак жарандары катышкан массалык мушташка кыргыздар аралашкан эмес. Бул тууралуу “Казинформ” агенттиги Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты. Казакстандын ички иштер министрлиги кабарлагандай, Амурдагы газ заводдун курулушундагы мушташка Казакстан менен Тажикстандын жарандары катышкан. Жаңжалга катышкандардын тек-жайы аныкталган. Мушташа кеткендердин баары заводдогу жумушчулар экени айтылат. Учурда окуянын чоо-жайын жергиликтүү күч органдары иликтеп жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, талашка өз […]

Казакстанда үйдүн чатырынан муз түшүп, пенсионер аял каза тапты

Алматыда көп кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, бир аял көз жумду. Полиция окуяны кырсык катары сыпаттады. Маалыматтарга караганда, окуя 20-ноябрда чак түштө болгон. Муз түшүп каза тапкан Натальи Шамузова  60 жашта болгон. Пенсионерге тогуз кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, тез жардам келгенче кайтыш болгон. Жергиликтүү бийлик бул сыяктуу кайгылуу окуяларды болтурбоо үчүн үй ээлеринин кооперативдери менен […]

Оштун жаш футболчулары Өзбекстанда баш байгени жеңди

Өзбекстандын Бухара шаарында 30-октябрдан 3-ноябрга чейин болуп өткөн футбол боюнча «MINORAI-KALON CUP» турниринде Ош шаарынын жаш футболчулары биринчи орунду багындырышты. Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 12-13 жаштагы футболчулардан куралган жалпы 12 команда катышкан. Ош шаарынын командасы финалда Казакстандан келген команданы 3:0 эсебинде жеңип,1-орунду камсыз кылышты. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети билдирди.