өкмөт - Т-медиа

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегация Араван районуна келди

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна барышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат камсыздоо кызматы кабарлады.

Күйүүчү май качан арзандайт? Депутат өкмөткө суроо салды

Кыргызстан Орусиядан мунайзатты бажы алымдарысыз алып жатканы менен сезилерлик өзгөрүү байкалган жок. Бул тууралуу депутат  Исхак Пирматов Жогорку Кеңеште өкмөттүн былтыркы жылдагы отчётун угулуп жатканда айтты.  Эл өкүлү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге күйүүчү май эмнеден улам арзандабай жатат деп суроо салды. “Мен буга чейин бензиндин баасын 10 сомго чейин төмөндөтүүгө болорун айттым эле. Бул маселе […]

Президент төрт эмдин ата-энесине 2 млн сом берди. Сүрөттөр

Бүгүн, 4-апрелде, президент Сооронбай Жээнбековдун атынан Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордон төрөлгөн төрт эм ымыркайдын ата-энесине турак жай алыш үчүн 2 млн сом сертификат жана эки орундуу коляска берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары, өкмөтү тарабынан жаш үй-бүлөнүн муктаждыктарына 150 миң сом бөлүнүп берилди. Айта кетсек, бөбөктөр 31-32 жумалык болуп, биринчиси 1 […]

Өкмөт жаңжал чыккан чек арадагы айылдарга мектеп курат

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдор Тажикстан менен чектешкен айылдарынын эли менен жолугушканда айтышты.  Үч-Дөбө, Таш-Тумшук, Масеиттин жери айылдарынын эли жолугушууда чек араны тактоо жумуштарын тездетүү менен тынымсыз катталып жаткан чыр чатактарга бөгөт коюу зарылчылыгын белгилешти. Мындан сырткары чек арага чектеш аймактардагы элдин жашоо шартын жакшыртууда […]

Баткенден Исфанага биринчи учак учту

Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы менен 83 адам учту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Каттамдар «Tez-Jet» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылып жатат. Учуу убактысы 30 мүнөт. 15-мартта өкмөт кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен-Исфана-Баткен убактылуу аба каттамын уюштуруу тууралуу чечими кабыл алган. Учурда өкмөт  тараптан Бишкек-Исфана-Бишкек авиа каттамын жумасына үзгүлтүксүз эки […]

Ошто жети жашка чейинки балдардын жарымы гана бакчага барат. Эмне үчүн?

Ош шаарында бакча жашындагы 30 миңден ашуун баланын 15 миңге жакыны үйдө олтурууга аргасыз. Буга калаада бардык балдарды камсыздоого бакчанын жетпегени себеп. Бул көрсөткүч өлкө боюнча нормалдуу көрүнүш болгону менен жылдан жылга чоң көйгөйгө айланууда. Себеби шаардагы 10 миңдеген балдардын бакчага кезеги келгенче жашы мектепке жетип, алгачкы билимди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат. Шаардык бийлик бул […]

«Коопсуз шаар»: айып пулдар суммасын белгилөө тартиби бекитилди

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында  келип түшкөн айып пулдарды белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин ЖКККБда иштеп жаткан аппараттык-программалык комплекс (АПК) жол эрежелерин бузууну аныктайт. Ал эми каржы министрлигинде айып пулдарды топтоо боюнча администрациялануучу эсеп ачылды. Администрациялануучу эсепке иш жүзүндө төлөнгөн айып пулдар келип […]

Абылгазиев: өкмөт ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөттү

Өкмөт жөнөкөй эмес шарттарда экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууда жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөтүнүн жыйынында билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, 2018-жыл өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жөнөкөй жылдардан болгон жок. Глобалдык экономикалык процесстер, дүйнөлүк валюталардын өзгөрүүсү, мунай баасынын туруксуздугу жана санкциялык саясаттын кесепеттери таасирин тийгизип жатты. «Буга карабастан, биз бардык кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңе алдык. Өкмөт тең […]

Автоунааны камсыздандыруу канча турат? Графика

7-февралдан баштап автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы күчүнө кирет. Учурда камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга акчалай айып салуу талабын 6 айга артка жылдыруу сунушу өкмөттүн кароосунда турат. Эгер токтом долбоору кабыл алынса, айдоочулардан камсыздандыруу полисин эч бир орган мыйзам күчүнө кирсе да талап кыла албайт. Токтом долбоорунда камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга 7-августка чейин айып пул салынбайт. Камсыздандыруу полисинин баасы айдоочунун […]