ӨКМ - Т-медиа

Эскертүү! Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылып турат

Бүгүндөн 5-декабрга чейин Бишкек-Ош автоунаа жолу мезгил-мезгили менен жабылышы күтүлөт. Бул убакыт аралыгында кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош жолунун (132-137, 198-265-чакырымдарында) кар көчкүсүн атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Буга байланыштуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 27-ноябрда №21 буйругу чыккан. Анын негизинде кооптуу деп табылган кар көчкүлөр артиллериялык курал менен атып түшүрүлөт. ӨКМ […]

Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн таңкы саат 05:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кара-Кулжада кар көчкү түшүп, жол жабылды

Бүгүн эрте менен Мырза-Аке—Кара-Кулжа— Алайкуу жолунда кар көчкү түшүп жол жабылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалымат кызматынан кабарлады Билдирүүгө караганда, окуя бүгүн эрте менен саат 06:10 чамасында аталаган жолдун 75-76-чакырымында катталган. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 1 манипулятор тартылган.

ӨКМ ишине нааразылар чыкты. Видео

Ош шаарынын 218-кварталында кооптуу абалда турган таш кулап түшүү коркунучуна жетти. Абал жөнгө салынбаганына жашоочулар ӨКМге нааразы болушууда.  Жашоочулардын билдиришинче, коркунуч жараткан таш үч жылдан бери солкулдап турат. Министрлик абалды бир канча жолу текшерип кеткени менен чара көрбөй жатышат. Тоо этегинде турган үйлөргө коркунучтуу таш өтө жакын жайгашкан. Турак-жайлардын аралыгы 100 метрге да жетпейт. Жашоочулар […]

Ашуудан аша албай калган чабандар куткарылды

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунундагы Алакан жайлоосунда калың жааган кардан улам ашуудан аша албай калган 8 чабандын баары куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдирди Маалыматка ылайык, ашуудагы жолдор тазаланып, чабандар мал жандыктары менен Сузактагы Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилген. 2018-жылдын 19-октябрында чабандардын абалын жеринен билүү үчүн КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары авариялык куткаруу […]

Ошто төрт батирлүү үй өрттөндү (фото)

Оштун Алымбеков көчөсүндө жайгашкан төрт батирлүү барак тибиндеги үй өрттөндү. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова билдирди. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн эрте менен саат 05:40 чамасында катталган. Батирлердин биринен чыккан өрт барак тибиндеги үйдүн баарын жалмап, жарым-жартылай күйүп кеткен. «Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган. Өрт саат 06:17де чектөөгө алынып, 08:05те […]

Өзгөндө дүкөндүн кампасы өрттөндү. Фото

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө үй тиричилик техникалары сакталган кампада өрт чыкты. Тилсиз жоодон 20  муздаткыч жана кир жуугуч машиналары күйгөн.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы «Т-Медиага» билдиргендей, өрт 23-сентябрда 11:50 чамасында чыгып,  саат 14:00до толук өчүрүлгөн. «Борбордук базардын сырт тарабындагы кампа өрттөндү. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери жана канча чыгым келтирилгени аныктала элек. Кошумча маалыматтар такталганда […]

Бишкек-Ош жолунда автоунаа оодарылып кетти

Бишкек-Ош унаа жолунда “Volkswagen Passat-B3” үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кетти. Кырсык 23-сентябрда 09:35де Чычкан капчыгайында катталган.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 эркек адам каза таап, бешөө жаракат алган. Кырсык болгон жерге ӨКМ куткаруучулары барышып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бүгүндөн аба ырайы өзгөрөт

Өлкөдө 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жана жайлоолордо кар жаашы күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетиши мүмкүн. 21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 16…21°, Талас өрөөнүндө 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, […]

Супарадагы өрттүн болжолдуу себеби аныкталды

Бишкектин четиндеги «Супара» этнокомплексиндеги чыккан өрттүн алдын ала божомолу чыкты. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча өрт кырсыгы электр зымдарынан чыккан деп болжолдонуп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова «Т-Медиага» билдиргендей, өрт этнокомплекстин ашканасынан электр зымдарынын туташуусунан чыккан деген версия бар. «Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өрт «Супара» этно комплексинин имаратынын жаңы ашканасында чыккан. Өрттүн келип чыгышы электр жабдыктарын […]