коррупция - Т-медиа

Кыргызстанга кымбат унаа алып кирүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Унаа” мекемесиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Маалыматка караганда, УКМКнын “Унаа” мекемесиндеги кызмат адамдарына карата  козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрүнөн КР аймагына ташылып келинген […]

Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 47 млн сомго толукталды

Коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин алкагында каржы министрлигинин бирдиктүү депозиттик эсебине 46 млн 909 миң сом өлчөмүндөгү каражат которулду. Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан билдиргендей, каражаттар комитеттин 22-январдагы токтомунун негизинде которулган. Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылгандан бери 241  млн 815 миң 287  сомду түздү. Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин […]

Азербайжанда кармалган Адамкул Жунусов Кыргызстанга алынып келинди

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Адамкул Жунусов кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып Азербайжандан  Кыргызстанга алынып келинди. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын билдиришинче, Жунусовду бүгүн Финчалгындоонун кызматкерлери Баку шаарынан Бишкекке алып келген. Буга чейин Адамкул Жунусов 28-августта эл аралык издөөгө алынып, 4-декабрда Азербайжанда кармалганы айтылган. Адамкул Жунусовго 2013-2016-жылдары «А» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, […]

УКМК: Баткенде курулуштан коррупция табылды

Баткен облустук мам экотехинспекциясынын жана капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча кылмыш иши козголду.  УКМКдан билдиргендей, Баткен шаардык ветеринардык лабороториясынын жана Баткен районундагы 3 орто мектептин курулуш иштерин жогорулатылган баада кургандыгы аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жээнбеков: санариптик коом аркылуу коррупцияны жоёбуз

2019-2023-жылдарда Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо Концепциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында маалымдады. «Менин негизги максатым — санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу. Мамлекеттик бийликтин негизги функцияларын аткаруу үчүн санариптик технологияларды кеӊири колдонуу зарыл»,-деди Сооронбай Жээнбеков. Санариптик трансформациялоо мыйзам […]

Төрөбаев: чиновниктерде 10 пайыз өөнөмөй өнөкөтү жоголгон жок

Айрым аткаминерлер өздөрү жетектеген мекемелерди жеке компанияга же бизнес аянтчага айландырып алышты. Бул тууралуу «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Төрөбаевдин белгилешинче, депутаттар аткаминерлерге калктын кайрылуулары боюнча тапшырмаларды берсе, алардын аткара турган түрү жок. Кадрлар баарын чечет!» дейт, биздин мамлекеттик органдарда отурган кадрлар өлкөнүн эмес, жалаӊ өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп калды. […]

Эксперт: коррупция менен комплекстүү күрөш жүрбөй жатат

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш комплекстүү жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу жарандык коом өкүлү Гүльгакы Мамасалиева айтып чыкты.  Жарандык коом өкүлүнүн айтымында, акыркы ачыкталган 520 миң долларлык коррупция боюнча иликтөө системалуу түрдө жүргүзүлгөн жок. Дайымкыдай эле катардагы кызматкер же жетекчинин орун басары гана кармалып,  алардын жетекчилери калып жатат. Мамасалиеванын пикири боюнча, ири өлчөмдөгү паракорчулукта системалуу коррупция бар. Ошондуктан жетекчинин […]

Министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Ж кармалган. Ал  кечээ, 5-декабрда буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, чоң суммадагы акча […]

ЖАМК өкүлдөрү 10 миллион сом зыян келтирген деп шектелүүдө

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген деп шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлады. Маалыматка ылайык, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине мурунураак кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында ЖАМК көчмө механизацияшкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 10 […]

Мамкаттоонун кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Мамкаттоо кызматынын Бишкек шаардык транспорт каттоо жана айдоочулук курам боюнча бөлүмүнүн башчысы коррупцияга тиешеси бар деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык траспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүндө коррупциялык схема токтотулган. Жарандардан автотранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттатууда, ошондой эле автомектептердин окуучуларынан айдоочулук күбөлүк алуудагы сынакта мыйзамсыз акча алуу […]