кылмыш - Т-медиа

Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карай баштады

12-сентябрда Казакстандагы Алматы шаардык сотунда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызы карала баштады. Аны соттун төмөнкү инстанциясы 12 жылга эркинен ажыраткан.

Ош: мигранттын баласы токмоктон каза болду

Ошто  атасы Орусияда жүргөн наристе чоң апасынын токмогунан каза болду. Окуя кечээ, 10-январь күнү катталган жана  наристе 2 жаш 4 айлык болгон. Милиция шектүү катары аялды кармады. Окуяны Ош ШИИБнын маалымат кызматы кабарлады. Наристени «судороги болуп ооруп жатат» деп Ош облустук балдар ооруканасына наристенин атасынын бир тууган агасы алып келген. Дарыгерлер баланы кароо учурунда ал ооруканага […]

УКМК: Зилалиевдин банктагы эсебинен акчалары алынды

УКМК мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банкта сакталган акчасы боюнча видеону таратты. Буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп келген Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылганы айтылган эле. Эске салса кетсек, Зилалиев кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголгон. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган эле. […]

Нааразылар: коррупциялашкан Баткен прокуратурасына ишенбейбиз!

Бүгүн, 26-ноябрда Баткен облустунун 200дөн ашуун тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Алар маркум прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган Мелис Калыковду жактап келишкен. Акциянын катышуучулары кылмышка шектелип кармалган М.Кны күнөөсүз экенин айтып, окуяга катыштыгы бар прокурорлор да камалсын деген талапты коюшууда. Чогулгандар бул талабын кылмыш болгон күнү эс алууга прокурорлор да чогу чыккандыгы менен жүйө келтирип жатышат. Нааразы […]

Кара-Балтадагы атышуудан жабыркагандар ооруканада жатат

Кара-Балта шаарында атышууда жабыркаган милиционер жана кылмышка шектүү адам ооруканада жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгын маалымат кызматы билдирди.  “Окуя 18-ноябрда таңкы саат алтыларда болгон. Криминалдык милиция менен атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери издөөдөгү кылмышкерди кармаганы барган кезде ал каршылык көрсөтүп, ок аткан. Натыйжада милиция кызматкери жарадар болгон. Кармоо учурунда шектүү да жараланып, экөө […]

Шумдук! Курсагы ачкан жүргүнчү таксистти бычактады

Таксистти бычактап качкан жүргүнчү 26-октябрда кармалды. Ал соңку 15 күндөн бери изделип жаткан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнүн маалымат кызматы кабарлады. Мекенин маалымат кызматы кабарлагандай, окуя 11-октябрь күнү түндөсү болгон. Автоунааны Бишкек багытын көздөй айдап качкан жүргүнчү жол кырсыгына учурап, машинени окуя болгон жерден таштап из жашырган. «Жалал-Абад шаарындагы «Бергбай» такси тейлөө фирмасында иштеген айдоочу жүргүнчүнү «Санпа» пахта заводунун жанына […]

750 сом үчүн кыйылган өмүр. Окуянын чоо-жайы. Видео

Жалал-Абадда мал сарайда күйүп кеткен 62 жаштагы жаран киши колдуу болгон. Окуяга шектелип Базар-Коргон районунун эки тургуну кармалды.  Бул тууралуу  «Т-Медиага» Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, маркум жашаган сарай атайын өрттөлгөн. «Окуянын себептери такталып, эки күн ичинде кылмышка шектүүлөр Талдуу-Булак айыл аймагынын тургундары К жана М аттуу жалгыз бой аял […]