кырсык - Т-медиа

Бишкек-Ош жолундагы кырсык адам өмүрүн алды

Бишкек-Ош автоунаа жолунда токтоп турган “Renault” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын аркасынан келип “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү  жүк ташуучу унаа сүзгөн.  Кырсык 20-ноябрь күнү саат 03:33 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында катталган. Камбар-Ата шаарчасында жүз берген автокырсыктан 36 жаштагы аял каза тапты. Андан сырткары 27 жана 25 жаштагы эки эркек жабыркаган. Куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарышып, […]

Ошто төрт батирлүү үй өрттөндү (фото)

Оштун Алымбеков көчөсүндө жайгашкан төрт батирлүү барак тибиндеги үй өрттөндү. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова билдирди. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн эрте менен саат 05:40 чамасында катталган. Батирлердин биринен чыккан өрт барак тибиндеги үйдүн баарын жалмап, жарым-жартылай күйүп кеткен. «Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган. Өрт саат 06:17де чектөөгө алынып, 08:05те […]

Өзгөндө автокырсыктан каза болгон аялдын өздүгү такталды

Өзгөндүн Куршабында автокырсыктан каза тапкан аял Кара-Суу районунун тургуну болуп чыкты. 46 жаштагы А. Ы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылынан болгон.  Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздөө бөлүмүнөн «Т-Медиага» билдиришкендей, маркумдун сөөгүн жакындары Өзгөн шаарынын өлүкканасынан алып кетишти. «Аялдын сөөгү окуя катталган 1-октябрдын түнүндө Өзгөн шаарынын өлүкканасына жеткирилген болчу. Тек-жайы такталып, маркумдун сөөгүн туугандарына өткөрүп бердик»,-деди […]

Ош: 6 жашар баланы койдуруп кеткен айдоочу изделүүдө. Видео

Бишкек-Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 649-чакырымында 6 жашар баланы койдуруп кеткен айдоочу табыла элек.  Учурда изин жашырып качкан «Тайота-Прадо» үлгүсүндөгү белгисиз ак түстөгү жол тандабас автоунаасы изделүүдө.  Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош обустук ЖКККнын маалымат катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди. Айтымында, из жашырган айдоочуну издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. «Азыр Ош облусунун аймагында «Курчоо» иш мэрчеми киргизилип, […]

Бишкек-Ош жолунда автоунаа оодарылып кетти

Бишкек-Ош унаа жолунда “Volkswagen Passat-B3” үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кетти. Кырсык 23-сентябрда 09:35де Чычкан капчыгайында катталган.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 эркек адам каза таап, бешөө жаракат алган. Кырсык болгон жерге ӨКМ куткаруучулары барышып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Супарада эмнелер күйдү? ӨКМ тактады

Бишкектин четиндеги “Супара” этно комплексинин 1000 чарчы метр  аянты күйүп кетти. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова билдирди.  Маалыматка ылайык, этно комплекстин жаңы курулуп жаткан имараты жана 6 боз үй толук күйгөн. Азырынча келтирилген чыгым так аныктала элек. «Азыр материалдык чыгым эсептелип жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби да аныктала элек. Тактоо иштерин жүргүзүп […]

Баткенде автоунаа сайга оодалырып, айдоочу каза тапты

Баткен районунда «Фольксваген Гольф 2» үлгүсүндөгү автоунаа сайга оодарылып кетти. Кырсык 16-сентябрда Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде катталган.  Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу (1953-жылы туулган А.У.) каза болгон. Сайга оодарылган автоунааны ӨКМнин куткаруучулары жолго чыгарып беришкен.  

Араванда май заводдон өрт чыкты. Келтирилген чыгым 10 миң доллар (фото)

Аравандын Алля Анаров айыл өкмөтүндө май чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 2 тонна май күйүп, цех 10 миң доллар чыгымга учураган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, окуя 7-сентябрга караган түнү катталган. Өрт кырсыгынан имараттын 200 чарчы метри  күйүп кетти. ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, өрт электр тогунан чыккан. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. […]

Ош: эне колундагы баласы менен төртүнчү кабаттан бой таштады. Видео

Ош шаарынын Черемушки кичи районунда ымыркай көтөргөн аял төртүнчү кабаттан өзүн таштаган. Окуя күбөлөрүнүн билдирүүсүндө, эне-бала экөө тең аман калышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аял өз жанын кыюуга аракеттенген. Колундагы ымыркай 7 айлык болгон. Окуя бүгүн, 6-сентябрда саат 17:00дор чамасында болгон. Жабыркаган эне-баланы тез жардам кызматы  алып кеткен. Аталган факт боюнча Ош милициясы териштирүү жүргүзүүдө. […]