Кытай - Т-медиа

Кытай кыргыз милициясына техникалык жардам көрсөттү

Кытай өкмөтү Кыргызстандын ички иштер министрлигине чопкутталган (брондолгон) автобус, кичи автобус, жол тандабастарды жана машинелерди берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул автоунаалардын жалпы баасы 30 миллион юанды же 4,3 миллион долларга жакын каражатты түзөт. Быйыл майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи техникалык жардам жөнүндө макулдашкан. 3-июнда автоунааларды […]

Кытай тышкы кысымга баш ийбей тургандыгын жарыялады

Кытай АКШнын 200 миллиард доллардык Кытай товарларына койгон бажы тарифин 25 пайызга көтөрүүгө байланыштуу эч качан тышкы кысымга баш ийбей тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу The New York Times жазды.  Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гынг Шуанг борбор шаар Пекинде уюштурган кезектеги маалымат жыйынында аты аталган тарифтер тууралуу «Бир нече ирет бажы тарифтерин арттыруунун […]

Кытай: жарылуудан 47 киши каза болду. Видео

Кытайдын Яньчэн шаарында жер семирткичтерди өндүргөн заводдогу жарылуудан кеминде 47 киши өлүп, 600дөн ашык адам жаракат алды. Алардын 32синин абалы өтө оор. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Яньчэн шаарындагы жер семирткичтерди өндүрүүчү бул завод 2007-жылы ачылган. Буга чейин 30дан ашык тез тутануучу химикаттарды өндүргөн компанияга коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы жана айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн айыппул салынган. Мындай […]

Бишкекте эл аралык жаштар форуму өтөт

Бишкекте көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн жаштарынын башын бириктирген форум өтөт. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиргендей, «Туризмди өнүктүрүү» аталышындагы иш-чара 26-28-февраль күндөрү уюштурулат. Катышуучулар тийиштүү мамлекеттик орган жана туристтик компаниялар менен бирге аталган тармактагы маселелерди талкуулайт. Тажрыйба алмашууга КМШнын аймагында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистандан […]

Кытай Кыргызстандын башкы демөөрчүсү. Өкмөттүн маалыматы инфографикада

Кыргызстанда Кытай жарандарына каршы маанай күч алып турганда өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов абалды түшүндүрдү. Ага караганда Кытай Кыргызстандын башкы инвестициялык өнөктөшү. Өкмөттүн кыргыз-кытай мамилеси, өлкөдө жүргөн кытай жарандары боюнча берген маалыматын «Т-Медиа GROUP» инфографикада түшүндүрүп берет.  

Кытайда дүйнөдөгү эң чоң муз фестивалы башталды. Сүрөттөр

Кытайдын Харбин шаарында дүйнөдөгү эң чоң муз эстеликтер фестивалы башталды. Улуттар аралык фестивалга 10 миллион туристтин келүүсү күтүлүүдө. Фестиваль 5-январда башталган. Дагы бир ай уланат. Муздан сарайлар, көпүрөлөр, сепилдер жана эстеликтер жасалган. Ар күнү кечинде эстеликтерге түрдүү жарык берилет. Быйыл дүйнөлүк муз фестивалы 35чи ирет уюштурулуп жатат. Иш-чарада 600 миң метрдик аймакта 100дөн ашуун муз […]

Huaweiдин жетекчиси Мэн Ванчжоу Канадада кармалды

Кытайлык Huawei технология компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы жана каржылык жетекчиси Мэн Ванчжоу Канадада кармалды. Аларды АКШнын Иранга каршы санкцияларын бузган деп айыпталып кармалганы кабарланууда. Мэн Ванчжоу Канаданын Ванкуверде шаарында 1-декабрда кармалган. Бул тууралуу 6-декабрда гана белгилүү болду. Аны АКШга өткөрүп берилээри айтылып жатат. Кытайдын Канададагы элчилиги Мэн Ванчжоуну бошотууну талап кылган. Жакында АКШ дүйнө боюнча өнөктөш […]

Азамат Усенов Кытайдагы элчиликтен кетти

Азамат Усенов Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда кол койгон. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Монголияны кошо карайт. Азамат Усенов бул кызматка 2017-жылы сентябрда дайындалган эле.

ЖК Кытайдагы кыргыздар боюнча үн катты

Жогорку Кеңеш депутаттары Кытайдагы этникалык кыргыздар боюнча маселе көтөрүштү.  Депутат Таабалды Тиллаев Кытайдагы атайын «саясий тарбиялоочу борборлордо» кармалып отурган кыргыздар боюнча өкмөттөн маалымат угууну сунуштады. Демилгени эл өкүлү конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында көтөргөн. «Кытайдагы кыргыздар тууралуу өкмөткө тапшырма берсек, бизге маалымат беришсин. Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип […]