мчс - Т-медиа

Баткен облусунда жер титирөө катталды

Баткен облусунда күчү 3 балган жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.  Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 22-январда болжол менен саат 17:00дө катталган. Жер титирөө Баткен районунун Кара-Булак, Газ айылдарында 3 баллга, Бужум айылында 2,5 баллга жана Баткен шаарында 2 баллга чейин сезилген. Окуядан жабыркагандар жана […]

80 жаштагы кемпир өрттөн каза тапты

Ош шаарынын Моминов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, 80 жаштагы Н.В аттуу кемпир каза тапты.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова «Т-Медиага» билдиргендей, тилсиз жоо кечээ, 22-январда катталган. Өрттөн турак үйдүн ичиндеги жыгач полу жана төшөнчүлөр күйгөн. Каза болгон жарандын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эки аял каза тапты

Бүгүн эрте менен Оштун  Джим көчөсүндө жайгашкан №1-көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, эки аял каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо таңкы саат 07:00 чамасында катталып, 08:05де толук өчүрүлгөн. Учурда каза болгон жарандардын өздүгү такталууда. Өрттүн келип чыгуу себебтерин тактоо иштери да башталды.

Кара-Колдо 82 жаштагы кемпир түтүнгө ууланып каза тапты

Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск шаарчасындагы 4 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 82 жаштагы кемпир түтүнгө ууланып каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 4 кабаттуу турак-үйдүн бир бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн  кесепетинен 1936-жылы туулган И.В. аттуу аял түтүнгө ууланып каза болгон. Окуя кечээ түнкү саат 22:30 чамасында катталган.  Өрт саат 22:45де чектөөгө алынып, саат 23:09да толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип […]

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында мезгил-мезгили менен катуу кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү болуусу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал. Абанын температурасы төмөндөйт. «Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, -3°+2°, Ош, Жалал-Абад, […]

Сузакта малга камдалган тоюттар күйүп кетти. Фото

Жалал-Абаддын Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын Үч-Малай айылында 7 тонна чөп, 200 түк саман жана 200 боо жүгөрү сабагы күйүп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечээ 13-декабрь күнү болжол менен саат 15:50дө катталган. Өрт саат 16:00до чектөөгө алынып, саат 18:20да толук өчүрүлгөн. Министрликтин билдирүүсүндө, өрт кырсыгы жаш балдардын от […]

Чүйдө турак-үй өрттөндү

Кечээ Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Покровка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак-үйдүн 250 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечээ түнү катталган. Турак-үйдүн 250 чарчы метр чатыры жана бастырманын 35 чарчы метри өрттөнгөн. Өрт саат 02:20да чектөөгө алынып, саат 03:14тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн чыгуу себеби жылытуучу […]

Токмокто кудуктан жансыз кишинин сөөгү табылды

Кечээ, 13-декабрда Токмок шаарында эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шайымкулова билдирди. Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү саат 16:00 жакын шаардын Жантай көчөсүндөгү кудуктан табылган. Куткаруучулар сөөктү ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ош облусунда жер титиреди

Ош облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалымат кызматы билдирди. Сейсмология институтутунун маалыматына ылайык, 10-декабрь күнү саат 03:11 чамасында Ош облусунда очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Кабылан-Көл айылында жана Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында 2-2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана […]