медиа мектеп - Т-медиа

Самара Каримованын ордуна жетекчи болуп Каримов келди

Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгынынан билдиришти. Аталган окуу жайга 39 жаштагы Нурлан Каримов жетекчи болуп  дайындалган. Ал сынактын негизинде тандалып алынган. Каримов буга чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген. Эске сала кетсек, буга чейин ырчы Самара Каримова 24-октябрь […]

Архив кызматы электрондук системага өтөт

Архив имараттары капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңы жабдуулар менен камсыздоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Материалдык-техникалык база чыңдалып, архив кызматы тейлөөнүн электрондук системасына өтөт.  Бул  президенти Сооронбай Жээнбековдун Ош облустук мамлекеттик архивине барган учурунда белгилүү болду. Мамлекет башчысы архивдин кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттуктап, улуттук архивдерде ар бир мамлекеттин тарыхынын, маданиятынын, турмушунун өзгөчөлүктөрү сакталаарын белгиледи. Алар – улуттун документалдуу […]

Бүгүн маданият кызматкерлеринин күнү

Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 1995-жылдан бери белгиленип келет. 1926-жылы 2-ноябрда кыргыз тарыхында биринчи жолу Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы  кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу токтом чыгарган.

Кыргызстанга Түркиянын жети шаарынан түз учууга болот

Буга чейин Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Бишкек-Стамбул  каттамы гана иштеп келген болсо, эми жети шаарынан түз каттамдар уча баштайт. Бул тууралуу Түркиянын жарандык авиация башкармалыгы интернет сайтына расмий жарыялады. Анда айтылгандай, Анталия, Алания, Даламан, Бодрум, Самсун, Кападокия жана Газиантеп шаарларынан Кыргызстанга түз каттам ачылат. Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин тийиштүү министрликтеринин ортосунда жарандык авиация жана Анкарадан Бишкекке түз […]

Автоунаадан таштанды  ыргыткандарды айыппулга жыгуу сунушталды. Зарылчылык барбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев автоунаадан таштанды ыргыткандарга айыппул салуу сунушун көтөрүп чыкты. Бул тууралу ал пленардык жыйында билдирди. «Айтымында, айдоочулар жана жүргүнчүлөр тамекинин калдыгын жана башка көптөгөн майда таштандыларды унаанын айнегинен ыргытып көнгөн. Мындай көрүнүштү жок кылуу үчүн аларды айыппулга жыгалы жана аны төлөөдөн баш тарткандарды кылмыш жоопкерчилигине тарталы. Ошондо гана тартип орното алабыз»,- дейт […]

Эл аралык кыздар күнү эмне үчүн белгиленет?

Бүгүн, 11-октябрь — кыздардын эл аралык күнү. Бул күн Кыргызстандын бардык аймагында кыздардын укуктарын жайылтуу багытында белгиленүүдө.  Кыздар күнүн белгилөө 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бекитилген. Негизги максаты — кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп эсептелет. Эл аралык кыздар күнү секелектер тууралуу көйгөйлүү маселелерди ачык айтып чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун аныктай […]

Индиянын өкмөтү үч жолу талак айтып ажырашууну кылмышка теңеди

Индия өкмөтү “үч талак” берип ажырашууга тыюу салуу боюнча долбоорду колдоду. Бул тууралу Associated Press агенствосу билдирет. Шаршембиде жарыяланган жарлыкка ылайык, аялына талак берген эркектер эми үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Жарлык президенттин кароосуна жиберилген. Өлкө башчысы кол койсо расмий күчүнө кирет. Буга чейин талак айтып ажырашууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун парламент аркылуу өткөрүү […]

Ош мэриясы жалгыз бой аялдын үйүн тартып алганбы?

Ош мэриясы жалгыз бой аялдын бир жарым миллион рубльга сатып алган батирин балансына өткөрүп алды. 11 жыл жашаган үйү муниципалдык менчикке кайтарылгандан бери аял үч кызы менен ижарага бөлмө алып жашап жүрөт. Муну Назгүл Назарова журналисттерге маалымат жыйын куруп айтып берди. Назарованын билдиришинче, Ибраимов көчөсүндөгү №28 үйдүн алтынчы батирин ал 1993-жылы А.И. Сердюк деген жарандан […]

Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармаш үчүн бешинчи жолу долларды саттыкка чыгарды

Улуттук банк апрель айынан бери алгач жолу валюта базарына интервенция жасап, 19 миллион 50 миң сомду сатыкка чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Муну менен жыл башынан бери Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармаш үчүн бешинчи жолу доллар сатты. Ушул аптанын башынан бери Кыргызстанда доллардын курсунун көтөрүлгөнү байкалган. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча […]

Бишкекте сот имаратында жоокер өзүн атып алды

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой өзүн атып алды. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз борбору “Т-Медиага” кабарлады. Окуя кечээ саат 15:43төр чамасында болгон. Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Ж.Э. аттуу жоокер табелдик курал менен өзүн башка аткан. Катардагы жоокер алган жараатынан улам «Тез жардам» келгенге чейин каза болгон. Окуя болгон […]