медиа школа - Т-медиа

Кароого муктаж балдардын ата-энелери февралдан айлык ала баштайт

Туруктуу кароого муктаж экендиги тууралуу тиешелүү медициналык ырастамасы бар алты миң баланын ата-эне февралдан тарта маяна ала баштайт. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай айлык алуу үчүн оорулуу баласын баккан башка ата-энелер дагы тиешелүү документтерди топтоп, банктан эсеп ачышы керек. Айлыктын суммасы 5000 сомдун тегерегинде болот. Ал “персоналдык жардамчы” деген категориядагы патенттин […]

Каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 800 миң сом бөлүнөт

Баткен облусунда киши колдуу болгон прокурордун үй-бүлөсүнө кесиптештери 800 миңге жакын акча каражатын чогултуп бере турган болду. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти. Эске сала кетсе, 17-ноябрдан 18не караган түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон. Каза болгон прокурордун өлүмүнө шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалган. Мамажакыпов Анарбай Кубатидинов Баткен облусунун прокурору […]

Жээнбеков үркүн, репрессия жана апрель революциясынын курмандыктарын эскерди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде куран окуп, Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду. «Урматтуу мекендештерим! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Быйыл Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү экинчи жолу белгиленип жатат. Кыргызстандын тарыхы — сыймыктана турган тарых. Россия империясынын курамындагы жөнөкөй эмес жылдар, 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана Үркүн — элибиз үчүн чоӊ […]

Кош бойлуу келинин муунтуп өлтүргөн жаран 13 жылга соттолду

Тажикстандын Ховалинг районун тургуну Сафар Носиров келинин өлтүрүп салууда айыпталган. Сот аны 13 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Сотто Носиров 28 жаштагы Шахноза Абдураззакованы муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алды. Окуя быйыл 18-майда келини жыйылган тезектерди уратып алгандан кийин болгон. Носировдун айтымында, ал келининин тезектерди кайра жыйып коюудан баш тартканына жини келип өлтүрүп алган. Соттолгон адам буга чейин […]

Автоунаадан таштанды  ыргыткандарды айыппулга жыгуу сунушталды. Зарылчылык барбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев автоунаадан таштанды ыргыткандарга айыппул салуу сунушун көтөрүп чыкты. Бул тууралу ал пленардык жыйында билдирди. «Айтымында, айдоочулар жана жүргүнчүлөр тамекинин калдыгын жана башка көптөгөн майда таштандыларды унаанын айнегинен ыргытып көнгөн. Мындай көрүнүштү жок кылуу үчүн аларды айыппулга жыгалы жана аны төлөөдөн баш тарткандарды кылмыш жоопкерчилигине тарталы. Ошондо гана тартип орното алабыз»,- дейт […]

Бишкек: 5 млн евролук троллейбусттар насыяга алынды. Фото

Борбор калаага 52 троллейбус алынып келинди. Анын 37си Орусиядан алынса, калган 15и  Беларусь Республикасынан сатып алынган.  Жаңы троллейбустар Европалык реконструкция жана ѳнүктүрүү банкынан насыялоо шарттары боюнча алынган. Кредиттик жана гранттык каражаттын жалпы суммасы 7,9 миллион еврону түзөт. Анын ичинен 5,0 миллион евро кредит жана 2,9 миллион евросу гранттык эсепте. Жаңы 52 троллейбустун презентациясы 26-сентябрда Бишкек мэри Азиз […]

Өлкөдө үшүк жүрүшү күтүлүүдө

Өлкөдө 25-26-сентябрь күндөрү үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 2018-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. «Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу», -деп эскертет министрлик.

Фактчекинг: Максим Бакиевдин 60 тыйыны 2 сомго айлангандыгы чынбы?

“Nazar News” сайты ушул жылдын 17-июлунда “ШОК: Максим Бакиевдин 60 тыйыны 2 сомго кантип айланды?” деген маалыматты жазып чыккан. Анда «тышкы карыз 4 млрдга өстү, сотка байланышына 60 тыйынды алып салган менен ордуна “шаг округления 10 секунд” деген эрежени баардык мобилдик операторлор киргизишти» деп айтылган. «Шаг округления 10 секунд» эрежеси Кыргызстандагы уюлдук операторлорго чын эле киргизилгенби? […]

Бишкек мэрин шайлоонун тартибине каршылар чыкты

«Биздин укук» коомдук фонду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылды. Кайрылуунун себеби Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгаруу өтүнүчү болду. Фонддун жетекчиси Калича Умуралиеванын айтымында, мэр атаандаштыктын негизинде шайлануусу керек. — Учурда өтүп жаткан шайлоо мыйзамга ылайык келбейт. Анткени бул жерде бир гана талапкер болуп жатат. Бул шайлоо эмес, дайындоо болуп жатат. Ошондуктан […]

“Эгизбаев киши колдуу болду” деген көрсөтмө жок болгондуктан иш козголо элек

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды. Бул тууралуу ИИМдин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасов билдирди: — Улан Эгизбаев чөгүп кеткен окуя Ысык-Көл районунда кылмыш каттоо китебине катталып, иликтөө иши жүрүп жатат. Негизи жазык-процессуалдык кодексте көрсөткөндөй кылмыш боюнча үч же 10 күндүн ичинде чечим кабыл алынышы керек. Эгер бул аралыкта чечим кабыл алынбаса, прокурордун макулдугу менен […]