Борбордук шайлоо комиссиясы жаштарды кызматташууга чакырат. Видео

Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу атайын өкүлү Расул Кадыров TMG телеканалынын “Ачык талкуу” ток шоусунда билдирди.  Анын айтымында, жаштар БШКга мүчө болуп катталып, шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоочу катары көз сала алат. 

Азиз Суракматов деген ким?

Азиз Суракматов деген ким? Сырдуу Суракматов тууралуу фактылар Билими: 1994 — Кыргыз курулуш-архитектура институтун бүтүргөн; 1996 — Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктаган. Суракматов Азиз Эмилбекович 1971-жылы 22-ноябрда Чүй облусунда туулган. Эмгек жолу: 1994-1995 — "Шоола" ААКта өндүрүш мастери;1995-1996 — "КР Керек-жарак коому союздарынын" өндүрүш мастери;1996-1999 — "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасында инженер, архитектор, юрист кеңешчи;1999-2000 — […]

Таалайбек Сарыбашов: Ош шаарынын бюджети көтөрүлөт

Таалайбек Сарыбашов Ош мэрлигине бүгүндөн расмий киришти. Ал мэрлик мөөнөтү бүткөнчө жергиликтүү бюджетти көтөрүүнү убадалоодо. Жергиликтүү казынанын көлөмү көмүскө салыктардын эсебинен көтөрүлөт. Ал багытта жаңы мэр өзүнчө пландарды түзгөн. Бюджет көбөйсө социалдык обьектерди курууга басым жасалат. Бала-бакча, мектептер көбөйөрүн Таалайбек Сарыбашов убада кылды. Эреже боюнча жаңы шайланган мэр 100 күндүн ичинде шаардын стратегиялык планын иштеп […]

Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришти

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Таалайбек Сарыбашевге тиешелүү күбөлүк тапшырылды. Эми ал бүгүн, 24-июлдан тарта мэрлик кызматка расмий киришти.   Күбөлүктү Сарыбашевге аймактык шайлоо комиссиясы  тапшырды. Иш чарага өкмөттүн вице-премьер-министри Замир Аскаров,  Ош мэриясынын өкүлдөрү жана шаардык кеңеш депутаттары катышып, жаңы мэрге ийгилик каалашты. Ал эми кызматына расмий киришкен Таалайбек Сарыбашев көрсөтүлгөн ишенимди актоого жана […]

Таалайбек Сарыбашев кызматына киришет

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев эртеңден кызматына киришет. Тиешелүү күбөлүктү аймактык шайлоо комиссиясы 24-июлда тапшырат. Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Ал белгилегендей, боршайком 18-июлда өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду бүгүн бекитти.  «Ош шаарына Таалайбек Сарыбашев мэр болуп расмий бекитилди. Токтомду БШК бүгүн кабыл алды. Күбөлүктү эртең Ош мэриясынын […]

Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев аткарып жатат

Азыр Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев убактылуу аткарып жатат.  Ал Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришкенге чейин бул кызматта болот. Мындай маалыматты  “Т-Медиага” мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. Таалайбек Сарыбашев БШК тарабынан расмий күбөлүк тапшырылганда гана мэрликке киришет.  Качан тапшырылышы 3 күн ичинде белгилүү болот. Бул убакыт аралыгында аймактык шайлоо комиссиясы мэр шайлоо боюнча арыз-даттанууларды […]

Ош шаарынын мэрин депутаттар кандай шайлады?(Фоторепортаж)

Көптөн күткөн Оштун мэрин шайлоо болуп өттү. «Т-Медиа» шайлоо убагында айрым терс көрүнүнүштөрдү кадрга алды. Мэр болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев шайлоо алдындагы платформасы менен тааныштырып жаткан учурда, шаардык кеңештин кээ бир депутаттары уктап, айрымдары чөнтөк телефону менен алек болуп олтурушту. Депутаттардын  айрым сүрөттөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Шайлоо учурунда тартылган сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.  

Ош мэрин шайлоо башталды

Ош мэрлигине жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашев платформасын тааныштырып бүттү.  Шаардык кеңештеги фракция лидерлери өз сунуштарын айтып болгон соң добуш берүү жараянына уруксат берилди. Добуш берүү жашыруун өтүп жатат. 45 депутаттын ар бири өз-өзүнчө кирип добуш берүүдө. Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги депутаттар толугу менен келген. Эгерде шаардык кеңештеги 45 депутаттын үчтөн экиси добуш берген болсо, […]

Ош мэрин шайлоого депутаттар чакыртылды

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы 18-июлда өтөт. Жыйналыштын күн тартибине «Ош шаарынын мэрин шайлоо» маселеси киргизилген. Бул тууралуу «Т-Медиага» шаардык кеңештин маалымат катчысы Сүйөрбек Аманиллаев билдирди.  «Ош шаарынын мэрин шайлап алганга депутаттар 9:00до жыйнашылат. XIV сессияны өткөрүү бекитилип, 6 фракциянын баары чакыртылды»,-деди Сүйөрбек Аманиллаев. Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Мэрликке көпчүлүк коалиция чыгарган […]

Ош мэрин шайлоо саясатташтыбы? (видео маек)

Ош мэрлигине жалгыз талапкердин чыгышы реалдуу эмес. Муну Ош шаардык Кеңешиндеги «Кыргызстан» фракциясынан талапкерлиги көрсөтүлмөк болгон Мирлан Аматбеков «Т-Медиага»кабарлады. Анын билдиришинче, өз фракциясындагы депутаттар бийликтин кийлигишүүсү менен артка чегинди. Болбосо фракция мүчөлөрү анын талапкерлигин колдоп беришмек болгон. Мирлан Аматбековдун билдирүүсүн видеодон толук көрсөңүз болот.   Жогорудагы айтылгандарды Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов чындыкка коошпойт […]