Орусияда мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды

Орусиянын жарандары менен эмгек мигранттарын кызамыкка каршы эмдөө 1-апрелден тарта башталды. Бул тууралуу РИА  Новости маалымат агенттиги жазды. Кызамыкка каршы эмдөө Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган федералдык кызматы атайын токтом чыгарган. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин Россиянын бардык региондорунда иштеп жүргөн эмгек мигранттары эмдөөдөн өтүшү керек. Тиешелүү органдарга чет […]

Кореядагы кыргызстандык мигранттар жалгыз бой энеге үй алып беришти. Сүрөттөр

Түштүк Кореядагы кыргызстандык мигранттар Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылындагы эки балалуу жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү батир алып беришти. Үч бөлмөлүү батирди Кореядагы  кыргыз мигранттары түзгөн “Аманат” фонду алып берген. Аталган фондго мүчө болгон кыргызстандык мигранттар 10 миң доллардан ашык акча чогулткан. Мигранттар жалгыз бой аялга эки кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батирди өзү жашаган Отуз-Адыр айылынан сатып […]

Москвада мигранттарга патент баасы жогорулайт

Москвадагы эмгек мигранттары үчүн патент баасы көтөрүлдү. Жаңы жылдан тарта 500 рублга көбөйүп, айына 5 миң рублды түзүп калат. Салык мыйзамына өзгөртүүлөр Москва шаардык думасы тарабынан киргизилди. “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Инна Светенко мигранттардын кирешелери көбөйгөнүнө байланыштуу Москвада иштеген мигранттар үчүн патент баасын көтөрүү чечими кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылы Орусия борборунда эмгектенген чет […]

Ошто адам сатууга каршы жөө жүрүш өттү

30-июль адам сатууга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнгө карата ISEDA коомдук фонду, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети жана Ош облустук милициясы жөө жүрүш уюштурду. Ага жарандык активисттер, шаар тургундары биригип 50дөй адам катышты. Катышуучулар “Адам сатууга жол жок”, “Ош шаарынын жаштары адам сатууга каршы” сыяктуу ураандар менен калаанын Ленин көчөсүнөн Алымбек Датка […]

Орусияда мигранттарды каттоо кыйындады. Кыргызстандыктарга таасири (Инфографика)

Орусияда мигранттарды каттоого алуу боюнча өзгөртүлгөн мыйзам 8-июлда күчүнө кирди. Документке 27-июнда өлкө президенти Владимир Путин кол койгон. Ага ылайык, мигранттар мурдагыдай ишканасынын юридикалык дарегине эмес, жашаган жеринде гана каттоого тура алат. Жаңы мыйзам жумуш берүүчүлөрдү жоопкерчиликтен четтетип,  мигранттардын мыйзамдашуусуна тоскоолдук жаратты деп сыпатталууда. Мыйзамдагы өзгөртүү Орусиядагы кыргызстандыктарга да таасир этет. Азыр  мекендештерибиз батирлерди миграциялык […]