милиция - Т-медиа

Матраимовдун адвокаты: «Азаттык» уруксатсыз жеке менчик үйдү тартты. Видео

Руслан Матраимовдун адвокаты Амантур Медербек уулу «Азаттыктын» журналистери жеке менчик үйдү уруксаты жок тартты деп айыптоодо. Бул тууралуу адвокат  бүгүн, 30-сентябрда «Т-Медиага» билдирди.

Кой-Таштагы акыркы абал: Жол тосулду, Атамбаевтин үйү курчоого алынды

Акыркы маалыматтарга караганда Кой-Таш айылына кеткен жол тартип сакчылары тарабынан жабылды. Мындан сырткары  Алмазбек Атамбаевтин үйү курчоого алынып, күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу каражаттар колдонула баштады. Азаттык өз кабарчысына таянып аталган аймакта интернет жана телефон байланыштары үзгүлтуккө учурап жатканын жазды. Атамбаевтин тарапташтары саат 16:00гө «Форум» ишканасынын алдында митинг өткөрүүнү пландап жатышкан. Фарид […]

Ош: май куюучу жайдын жарылуусу боюнча кылмыш иши козголду

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан май куюучу жайда катталган жарылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициянын маалымат кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева билдирди. Учурда Кара-Суу райондук милициясы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, станцияда иштеген кызматкерлер сурак берип жатышат. «Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») боюнча катталды. […]

Жалал-Абадда милициянын “бирдиктүү терезе” борбору ачылды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында “бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбору ачылды. “Бирдиктүү терезе” борбору — күч органдарынан аныктамаларды алууда жарандардын кызматкерлер менен байланышын азайтып, коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартмакчы. Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин айтымында, бул борбор Жалал-Абад облусундагы милициянын дарегине айтылган нааразычылыктарды алдын алат. “Бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин […]

УКМК: милиционер кылмыштуу топту жетектеп жүргөн

15-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук кызматкери жарандарды опузалап, 600 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. УКМКнын билдиришинче, милициянын майору менен кошо эки жаран кармалган. Алар биргеликте жарандарга жашыруун маңзат таштап, опузалоо жолу менен акча талап кылып жүрүшкөн. Аталган кылмыштуу топту милициянын майору С.К жетектеп жүргөн. Анын үстүнөн 12-февралда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине […]