Жээнбеков: айлыктарды көбөйтүү боюнча убадамды аткарам

“Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктарын көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйдү, эми кийинки кезек мугалимдерде”, — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Жээнбеков белгилегендей, биринчи этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер, медайымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө […]

Мугалимдердин эмгек акысы жакшырат

Мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштыруу принциптерин ишке ашырган система киргизилет. Мындай тапшырманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын жакшыртуу боюнча билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу өткөн кеңешмеде милдеттендирди. «Мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштыруу  принциптерин ишке ашырган системаны  киргизүү зарыл. Анда мугалимдин эмгегинин сапаты окуучулардын сапаттуу билим алуусунун жыйынтыктары менен өлчөнөт жана ал үчүн […]

Ош: эң начар мектептердин директорлору кимдер? Тизме

Ош шаарында билим сапаты начар деген мектеп директорлору кызматтан бошотула баштады. Мэрдин тапшырмасына ылайык, №33  С. Алымкулов атындагы орто мектебинин директору Санабар Маматова жетекчилик кызматынан четтетилди. Калган 9 мектептин башчылары жаңы окуу жылына чейин ээлеген кызматынан алынат. Маалыматка ылайык, жетекчилик кызматын тапшыруу алдында турган директорлордун алды мектептерди 15 жылдан ашык башкарган. Орточо мөөнөт 10 жылга […]

Ош облусунда мугалим жетишсиздиги жоюла баштады (видео)

Быйыл Ош облусунда мугалимдердин жетишсиздиги кыскартылды. Өткөн жылы облус боюнча 192 мугалим тартыш болсо, быйыл 44ү жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн Ош облусундагы мугалимдердин август кеңешмесинде айтылды. Анда белгиленгендей, мугалимдер математика жана орус тил сабактарынан жетишпейт. Ош облусунда 530 орто мектеп бар. Анда жалпы 18 648 мугалим эмгектенет.