окуучулар - Т-медиа

Ошто мектептердин баары интернет менен камсыздалды

Быйылкы жаңы окуу жылында Ош шаарындагы 78 мектептин баары интернет менен камсыздалып, 55 мектепке видео байкоолор орнотулду. Бул тууралуу «Т-Медиага» шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Тынчтыкбек Досмуратов билдирди. 

9–классты бүтүп окубай койгондорго чара колдонуу сунушталууда

Кыргызстандын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда. Эгер колдоо тапса 9-класстан кийин окубай койгондорго чара көрүлө баштайт.  Сунушталган мыйзам долбоор 11 жылдык билимди милдеттендирбейт. Мектепти 9 – класстан кийин улантпай калган улан – кыздарды милдеттүү түрдө кесиптик – техникалык окуу жайларында окутуу зарылчылыгы белгиленген. Демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев. «9 – класстан кийин 9754 […]

Кышкысын окуучулардын жол коопсуздугу камсыздалат

Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жол коопсуздугун  алдын алууга арналган кеңешмеде билдирди. Алтынай Өмүрбекова билим берүү министрлигине мектеп окуучуларынын жол кыймылынын эрежелери жөнүндө маалымдуулугун арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ага ылайык, жол боюнда жайгашкан мектептерде окуучулардын коопсуздугун алдын алуу, коргоо иштеринде ата-энелерге  жардам көрсөтүү үчүн  ыктыярдуу […]

Өлкө мектептери ашыкча жүк менен иштөөдө

Азыр Кыргызстанда 2262 мектепте 1 миллион 223 миң бала окуйт. Көрсөткүч 227 миңге жакын окуучу каралган орундан ашыкча дегенди түшүндүрөт. Муну билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги окуучуларды комплектөө боюнча берген түшүндүрмөсүндө билдирген. Министрликтин маалыматына ылайык,  446 мектеп бир нөөмөт, 1657 мектеп – эки сменалык тартипте иштөөдө. Ал эми 159 мектеп ашыкча толгонуна байланыштуу окутуу ийкемдүү […]

Оштогу мектептерге «смс күндөлүк» системасы киргизилет

Жаңы окуу жылында Ош шаарындагы 10 мектепте окуучулардын сабакка келип кеткендигин ата-энесине билдирип турган система ишке кирет. «Смс күндөлүк» деп аталган система баланын мектепке кирген жана чыкканын маалымдап турат. Азырынча «смс күндөлүк» системасы кайсыл мектептерге туташтырылаары чечиле элек. Кирүү-чыгууну аныктаган техникалык жабдуулар билим берүү министрлиги тарабынан сатып алынат. Окуучуларды чип менен камсыздоо ата-энелердин өздөрүнө жүктөлөт. […]