Ош мэри - Т-медиа

Ош: велосипедчен мэр жана өкмөттүн өкүлү. Фото

Бүгүн, 6-апрелде Ош шаарында “Сергек жашоо” урааны менен массалык веложүрүш болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар тургундары жана жаш активистер катышты. Шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов жалпы веложүрүштүн катышуучуларын сергек жашоого, спортту сүйүүгө үндөдү. Ошондой эле, жүрүшкө катышууга келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана балдар […]

Ошто парковка үчүн кайрадан акы алынууда

Ошто жоюлган муниципалдык автотоктомолор толук ишмердүүлүгүн токтото элек. Айрымдары мэрдин буйругуна каршы мыйзамсыз жыйымдарды топтоону улантууда.   5-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муниципалдык автотоктомолор акысыз болсун деп буйрукка кол койгон. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жүктөлгөн  эле. Бирок биздин редакциябызга А. Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн астындагы муниципалдык автотоктомо иштеп жаткандыгы тууралуу видео келип түштү. […]

Сарыбашев кийинки аптадан мэрликке киришет. Эгер арыз-даттануулар түшпөсө

Ош мэрин шайлоо өттү деп таанылды. Тиешелүү протоколдор БШКга жөнөтүлдү. Эгер үч күн ичинде арыз-даттануулар түшсө, ал да боршайкомго жиберилет. Азырынча шайлоо таза өттү деп бааланып жатат. Ошол эле учурда шайлоо эрежелери бузулганы да айтылды. Шайлоо талабына ылайык,  бюллетендер бүктөлүп ташталыш керек эле. Бүгүнкү шайлоодо айрым депутаттар ачык эле көрсөтүп таштап жатышты. Эгер жогорудагы айтылгандар […]

Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды

Ош шаарынын мэрин шайлоо аяктады. Добуш берүү жараяны жашыруун өттү. Жыйынтыгында, Таалайбек Сарыбашев 44 добуш менен мэр болуп шайланды.  Аймактык шайлоо комиссиясы токтом чыгарып, шайлоо өттү деп эсептеди . Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутат толугу менен катышты. Шайлоо мыйзамына ылайык, депутаттардын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоону өттү деп эсептелет. Эске салсак, Ош […]

Сарыбашев: Ош шаары эки жылда өнүгөт

Ош шаары эки жыл ичинде өзгөрөт. Бул тууралуу Ош мэрлигине жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашев шаардык кеңештин депутаттарына платформасын таанышып жатып билдирди. Талапкер өнүктүрүү планын тааныштырып болгон соң ар бир фракция лидери сунуштарын айтышты. КСДП фракциясы калаа бюджетин көтөрүүгө үндөсө, “Кыргызстан” фракциясы шаардын таштанды талаасын жылдыруу маселесин биринчи кезекте чечүүгө чакырды. “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын лидери Ак […]

Ош мэрине кайрылуу: талапкерге алдындагы милдеттери эскертилет

Ош мэрлигине жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашевге кайрылуу жөнөтүлөт. Расмий катта “Ош мэрине аманат” акциясында көтөрүлгөн сунуштар камтылмакчы. Оозеки жана жазма түрүндө 20дан ашык кайрылуу жасалган.  Акция уюштуруучулары баарын кагазга түшүрүп, талапкерге шайлоого чейин жөнөтүүнү пландоодо. Жаңы мэрге калтырылган аманатта актуалдуу маселелер тизмектелген. Келтирилген сунуштар төмөндө: Кошумчалай кетсек, 14-июлда өткөрүлгөн “Ош мэрине аманат” деп аталган акцияга […]

Кыргызстандагы медреселерге диний китептер акысыз таратылат

Кечээ, 13-июль күнү «Түркия Диянет» фондунун колдоосу менен Ош мамлекеттик университетинин теология факультети тарабынан даярдалган «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу жети томдуу эмгектин бет ачар аземи болуп өттү. Ага Түркиядан бир канча өкүлдөр жана Кыргызстандан дин тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты. «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу жети томдук китеп Түркиялык профессорлор тарабынан жазылып чыккан. Басылмада жашоонун бардык чөйрөсүн […]

Ош мэрин шайлоого депутаттар чакыртылды

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы 18-июлда өтөт. Жыйналыштын күн тартибине «Ош шаарынын мэрин шайлоо» маселеси киргизилген. Бул тууралуу «Т-Медиага» шаардык кеңештин маалымат катчысы Сүйөрбек Аманиллаев билдирди.  «Ош шаарынын мэрин шайлап алганга депутаттар 9:00до жыйнашылат. XIV сессияны өткөрүү бекитилип, 6 фракциянын баары чакыртылды»,-деди Сүйөрбек Аманиллаев. Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Мэрликке көпчүлүк коалиция чыгарган […]