Ош облусу - Т-медиа

Сасык тумоодон бат айыгуу жолун сунуштайбыз

Кыш жакындады дегенче болбой суук башталат, «сасык тумоо» деген түшүнүк жаралат. Кээ бирибиз күрсүлдөп жөтөлүп же дене табы көтөрүлүп жаткан адамдар четтен табылат. Бүгүн тумоологонго каршы даамдуу, пайдалуу, жылытуучу анан жөнөкөй суусундукту сунуштайбыз. 

Ош облусу билим сапаты боюнча акыркы орунда

Кыргызсанда билим сапаты боюнча Ош облусу акыркы орунда келе жатат. Бул тууралуу облустагы билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмесинде Ош билим берүү институтунун жетекчиси Гүлмира Турдубаева айтты. Анын айтымында, Ош облусу билим сапаты боюнча артта калганына бир канча жүйөлүү себептери бар. Учурда аны жакшыртуу үчүн бардык билим берүү тармагынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик тарабынан иштер жүргүзүлүп жатат. […]

Абылгазиев Оштогу жазгы-талаа иштери менен таанышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 20-21-мартта иш сапары менен Ош облусуна бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жумушчу сапарынын жүрүшүндө өкмөт башчы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат. Ошондой эле мамлекеттик органдардын жана өлкөнүн аймактарынын башчыларынын катышуусунда бул маселени жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну талкуулоо боюнча селектордук жыйын өткөрөт. Мындан тышкары премьер-министр 2019-жылы Ош шаары түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыяланышынын […]

Чамдаңыз! Акысыз текшерүү жумалыгы башталды

Ош облустук адам репродукциясы борборунда урологиялык, гинекологиялык ооруларын акысыз текшерүү жумалыгы башталды. Дүйшөмбүдө башталган акция аптанын аягына чейин өтөт. Акысыз текшерүү жумалыгы тукумсуздук, тубаса майып төрөлүүлөрдүн алдын алуу максатында жүргүзүлүп, келген жарандарга маалымат берилет. Кайрылгандар акысыз текшерүүдөн өтүп, ден соолугуна кам көрүп алса болот. «Бир жумалык акцияда кайрылгандарга мына ушул багыттарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. 11-марттан 16-мартка чейин […]

Ош, Жалал-Абадда жерлерди трансформациялоо маселеси каралат

Ош жана Жалал-Абад облустарында кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды көчүрүү максатында жер тилкелерин трансформациялоо маселеси каралып чыгат.  Бул туурасында биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош, Жалал-Абал облустарын кыдырып жүргөн учурунда билдирди. «Кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды убагында көчүргөнгө жер тилкелерди бөлүп беребиз. Ал үчүн жерлерди трансформациялоо маселесин өз убагында жана мыйзам чегинде гана чечүү зарыл»,-деди Кубатбек Боронов. Вице-премьер-министр жашоого […]

Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн таңкы саат 05:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Оштун тамекиси Европага экспорттолууда

Ош облусунан Европа өлкөлөрүнө тамеки сатыкка чыгарылып жатат. Быйылкы жылдын эсебинен Венгрия мамлекетине 35 тонна тамеки жөнөтүлгөн.  Облус жетекчилиги «Т-Медиага» кабарлагандай, сыртка экспорт көлөмү барган сайын көбөйүүдө. Азыр  дүйнөнүн төрт мамлекетине облуста өндүрүлгөн тамеки экспорттолуп жатат. «Ушул жылдын башынан бери жалпы 500 тоннадай тазалганган тамеки эскпортторду. Анын Орусияга 94 тонна, Болгарияга 363 тонна, Венгрияга 35 тонна, […]

Алайда жер титиреди

Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен  аймагында жер титирөө катталды. Очогунда силкинүүнүн күчү 4,5 баллга жеткенин өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүүдө.  Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын маалыматына ылайык, бүгүн таңкы саат 07:48де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен  аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында […]

Пахта Өзбекстанга чыгарыла баштады

Чек аралар ачылгандан бери Ош облусунан Өзбекстанга пахта чыгарыла баштады. Быйылкы жылы экспорттолгон пахтанын көлөмү 613 тоннага жетти.  Облус жетекчилиги билдиргендей, ак алтын Өзбекстанга былтыртан бери чыгарылып жатат. Экспорт көлөмүнө чек коюлган эмес. Заводдор түзгөн келишимине жараша тазаланган буланы чыгара берет. «Өзбекстанга быйыл да ак алтын чыгаруу боюнча келишимдер түзүлгөн. Канча өндүрсөк, ошончо көлөмдө экспроттой алабыз. Бул […]