Ош шаары - Т-медиа

Сулайман-Тоонун этегиндеги кызгалдактар гүл ачты. Микровидео

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегинде кызгалдактар гүлүн ачты. Тоодогу кызгалдактар апрелдин орто ченинен май айына чейин гүлдөйт. Учурда кызгалдактуу талаа  калааны көрктөндүрүүдө Ош шаарына көрк берип турган кызгалдактарды төмөнкү кыска видеодон көрө аласыз:

Ош шаарына асма көпүрө куруу планы эмне болгон?

Буга чейин Ош шаардык Кеңешиндеги «Бир Бол» фракциясы калаанын негизги көчөлөрүнө асма көпүрө куруу пландарын айткан болчу. Бирок ал маселе кийинчерээк унутулуп кетти. Ошол учурда айтылгандай асма көпүрө Навои, Масалиева жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишине курулаары айтылган эле. Мына ошол план тууралуу кыска видеону көрүңүздөр.

Ош: ачкачылык жарыялаган жашоочулар президентке кайрылышты

«Ак мөөр» жатаканасындагы жашоочулардын ачкачылык жарыялаганына бүгүн экинчи күн. Ош шаарындагы «Ак мөөр» жатаканасынын жашоочулары 27-марттан бери ачкачылык кармап олтурат. Алар ачкачылык акциясын сот аткаруучулар жатаканадан чыгып кетүү чечимин аткара баштагандан кийин жарыялашты. Ачкачылык жарыялаган жашоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Видео түрүндө жасалган кайрылууну төмөндөн көрө аласыз.   Жатакананы бошотуу талабы бүгүн эле коюлган […]

Эртең Ошто 8 саатка свет өчөт. Тизме

Эртең Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы кабарлады.  26-мартта таңкы саат 9:00дөн 17:00гө чейин 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъекттерди даярдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү даректерде электр энергиясы убактылуу болбойт: «Сүйүнбаев, Көчөбаев, Алай, Сун-Ят-Сена, Айтиев, Төрөбай Абакир уулу, Н.Исанов, А.Навои, Курманжан-Датка, Алебастров, “Новый Тельман”, Парижская, Комунна, Давыдов, 1-май, […]

Ош: “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар текшерилип, талаптарка жооп бербегендери жабылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов АЗСтерди текшерүү учурунда билдирди. Мындан тышкары шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча да буйрук чыгарылат. Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге тапшырма берип, нормага туура келбеген АЗСтерге мыйзам боюнча чара колдонулушу керектигин айтты. “Эң биринчи кезекте элдин коопсуздугун […]

Ош: 2018-жылдын мыкты мекемелери аныкталды. Тизме

Өкмөт башчы Мухеммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Ош шаарынын былтыркы жылдагы социалдык-экономкалык көрсөткүчү боюнча жыйынтык чыгарылды.  Премьер-министр аймактарда, анын ичинде Ош шаары сыяктуу туристтик потенциалы зор шаарларда туризмди өнүктүрүү зарылдыгына айрыкча көңүл бурду. «-Ош шаарынын тарыхы өзгөчө жана бай, кайталангыс колорити жана жагымдуулугу бар. Мындан улам Ош шаары 2019-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды. Албетте, бул […]

Үй-бүлөнүн баш калкасына айланган ажаткана. Видео

Ош шаарында коомдук ажаткана иштеткен үй-бүлөнүн баш калкалоочу жайы жок. Буга байланыштуу ижарадагы ажатканасында 5 жылдан бери жашап келишүүдө.  Ал ажаткана Ош шаарынын Кулатов кичи районунда жайгашкан. Дараткананы Гүлзада Нарбаева күнүнө 300 сом ижара акы төлөп иштетет. Нарбаева ажатканада күйөөсү экөө эле эмес, эки баласы менен кошо жашайт. Баары дараткананын кассасына эптеп батып таң атырышат. Кассанын ичи […]