Ошто 14 жаштагы бала өз жанын кыйды

Кечээ, 15-январда саат 19:25 чамасында Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында 14 жаштагы бала ѳз үйүнүн сарайында жипке асынып алган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган маалымат боюнча Ош ШИИБнын Сулайман тоо милиция бѳлүмү тарабынан алгачкы текшерүү иш чаралары жүргүзүлгѳн. Анын 17.30 чамаларында асынып алгандыгы тууралуу маркумду чечип алышкан күбѳлѳр билдирген. […]

Кулчулуктун курмандыктары өз тагдырын айткандан уялышат

Ош шаарында “Адам сатуунун алдын алуу” темасында семинар өтүп жатат. Окутууга Кызыл-Кыя, Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы аймактык кеңештин, айыл өкмөттөрдүн жана мэрия өкүлдөрү,  укук коргоо органдарынын ошондой эле миграция боюнча эксперттер чакырылган.  Окутуу жөн гана презентация, видео мисалдар менен эле чектелбестен катышуучулар тарабынан кызуу талкууларды жаратты. Аймактык кеңеш өкүлдөрү “Эмне үчүн адам сатуунун курмандыктары тергөө […]

Ош: эне колундагы баласы менен төртүнчү кабаттан бой таштады. Видео

Ош шаарынын Черемушки кичи районунда ымыркай көтөргөн аял төртүнчү кабаттан өзүн таштаган. Окуя күбөлөрүнүн билдирүүсүндө, эне-бала экөө тең аман калышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аял өз жанын кыюуга аракеттенген. Колундагы ымыркай 7 айлык болгон. Окуя бүгүн, 6-сентябрда саат 17:00дор чамасында болгон. Жабыркаган эне-баланы тез жардам кызматы  алып кеткен. Аталган факт боюнча Ош милициясы териштирүү жүргүзүүдө. […]

Кыргызстандын Аламүдүн районунда казакстандык турист мерт болду

Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө таштар кулап, казакстандык турист мерт болду. Бул тууралуу 30-июлда Казакстан Тышкы иштер министрлиги билдирди. ТИМдин маалыматы боюнча дагы үч киши жабыркады. Алардын биринин абалы оор. Казакстан бүгүн, 31-июлда жабыр тарткан туристтерди эвакуациялоо үчүн тик учак жөнөтөт. 30-июлда Бишкектен 40 чакырым аралыкта жайгашкан мөңгүдөн таштар кулаганы жана кырсыкка казакстандык альпинисттер кириптер болгону […]

Ошто 2 айда 9 сойкукана жабылды (Видео)

Ошто акыркы 2 айда сойкуканаларды уюштуруу боюнча 9 кылмыш иши козголуп, алардын иши сотко өткөрүлгөн.  Бул тууралуу Ош ШИИБнын жарым жылдагы аткарган ишмердүүлүгү боюнча маалымат жыйында айтылды. Башкармалыктын башчысы Мурат Боронов билдиргендей, сойкуканаларды уюштуруу боюнча иликтөө иштери уланып жатат. Кызматкерлер күн-түн иштеп сойкуларга көмүскө жай уюштургандар жазага тартыларын кошумчалады.

Ошто көмүскөдөгү кумарканалар аныкталган жок

Ош шаарында жашыруун ишмердүүлүк жүргүзгөн кумарканалар аныкталган жок. Муну Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов маалымат жыйында билдирди. “Ички иштер министрлиги Оштогу кумарканаларды үч күн ичинде жабуу тапшырмасын койгон. Кызматтык топ текшерип чыкканда ишмердүлүгүн жүргүзүп келе жаткан кумарканалар табылган жок. Азыр да аныктоо иштерин улантып жатабыз”, — деди Мурат Боронов. Эске салсак, апрелде […]

Ош шаарында кылмыштуулук өстү (Видео)

Жыл башынан бери Ош шаарында 1300гө жакын кылмыш катталды. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салышмырмалуу 200 учурга көп. Бул тууралуу 19-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жарым жылдык ишмердүүлүгү боюнча маалымат жыйында белгилүү болду.  Милициянын маалыматында, криминалдык кылмыштар көп катталган. Бул багытта 794 факт катталып, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 52 кылмышка көп тергелген. […]

Ошто 50 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Ошто курулушу бүтө элек үйдүн жер төлөсүнөн асынып турган кишинин сөөгү табылды. Азырынча  өзүнө кол салганы же киши колдуу болгону аныктала элек.  Алдын ала маалыматтарга ылайык, 50 жаштагы маркум Ош шаарына таанышынын үйүнө келген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан “Т-Медиага” билдиришкендей, окуя 16-июлда  катталган. “ Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Маркум 15-июль күнү […]

Ошто 5 жашар кыз сууга агып кетти

Оштогу Озгур каналынан 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Ал 15-июлда суу жээгинде ойноп жатып түшүп кеткен. Окуя күбөлөрү агып кеткен кызды дароо эле таап алып чыгышкан. Тилекке каршы, жеткинчек куткарылганга чейин эле каза болуп калган экен. “Т-Медиага” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуяда кылмыш белгилери байкалбайт. Иликтөөнүн жыйынтыгы кыздын өлүмүн кокустук деп көрсөттү. […]