парламент - Т-медиа

Алименттин суммасын көбөйтүү сунушталды. Колдойсузбу? Сурамжылоо

Парламентте алименттин суммасын жашоо минимумуна карата эсептөө демилгеси көтөрүлдү. Эгер ал колдоо тапса алименттин көлөмү эки-үч эсеге көтөрүлөт.  Учурда алименттин минималдуу суммасы 1 миң 800 сом. Сунушталган долбоор боюнча ата-эне айына баланын жашоо минимумунун 50 пайызын төлөөгө милдеттүү. Жашоо минимумуна карата эсептелгенде алименттин суммасы эки бала үчүн 75 пайызы, 3 бала үчүн 100 пайызы төлөнүшү зарыл. Былтыр 7 жашка чейинки балдар үчүн […]

Тонировканы мыйзамдаштыруу туурабы? Эл пикири

Парламентте тонировканы мыйзамдаштыруу демилгеси көтөрүлдү. Эгер жактырылса автоунаалардын айнегин караңгылатып жүрүүгө уруксат берилет. Калоочулар белгиленген сумманы төлөп, тонировка менен жүрө алышат. Түшкөн акча бюджеттин таңкыстыгын толтурат. Сунушталган мыйзам долбоордун кандай күнгөй-тескейи бар? Төмөнкү сюжеттен көрүңүз. Тонировканы мыйзамдаштырууга сиздин пикириңиз кандай? Сурамжылоого катышып, пикириңизди билдирсеңиз болот.    

Жаңы эрежелерди канчалык билесиз? Тест

Жаңырган жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда беш кодекс жана эки мыйзам иштей баштады.  «Т-Media GROUP» КРнын «Бузуулар» жөнүңдө кодекси боюнча сурамжылоо жүргүзөт. Жаңы эрежелерди канчалык билесиз?  Тесттен өзүңүздү сынап көрүңүз.

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча кезеги келген Өмүрбек Бакиров ант берип депутаттыкка расмий киришти.  Өмүрбек Бакиров 40 жашта. Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. Жогорку Кеңештин V чакырылышында “Ата-Журт” партиясынан депутат болгон. Бакиров жакында ддепутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Музаффар Исаковдун ордуна келди. Буга чейин Музаффар Исаковго айыл өкмөт болуп турганда […]

Ирландия парламенти абортторду легалдаштыруу мыйзамын кабыл алды

Ирландиянын парламенти абортторду легалдаштыруу мыйзамын кабыл алды. Эми ал өлкө президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет. Мыйзамга ылайык, эми Ирландияда 12 айдан ашпаган мөөнөттө аборт жасатууга уруксат берилет. Эненин өмүрүнө коркунуч жаралганда же жатындын патологиясы учурунда андан кийинки мөөнөттөрдө дагы бойдон алдырууга болот. Өлкөнүн премьер-министри Лео Варадкар парламенттин бул чечимин «ирландия аялдары үчүн тарыхый учур» […]

310 млн. Улуттук банктын жаңы имараты парламентте сынга кабылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында улуттук банктын жаңы имараты боюнча маселе козголду.  Депутат Улукбек Ормонов улуттук банктын жаңы имаратына сарпталган акчанын суммасын жана курулуштун он жылдан ашык создукканын сынга алды. «2005-жылдан бери Улуттук банктын жаӊы имаратынын курулушуна баш-аягы 310 млн сом жумшалыптыр, ушунча жылдан бери ошончо каражат жумшалган эмне деген имарат? Дагы канча акча жумшалат жана качан […]

Экс-депутат пара алып жүргөнүн мойнуна алды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нарынбек Молдобаев “Марал” радиосуна берген маегинде кезинде билбей пара алып жүргөнүн айтты. Алгач ал 10 жыл депутат болуп иштеп жүргөндө бир да министрден, бир да кишиден бир бөтөлкө суу алып көргөн эмесмин деди. «Мага бала кезден эле арам оокат жаккан эмес. 2000-жылы «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик компаниясында министрдин биринчи орун басары болуп иштеп калдым. Ошондо министр […]

Парламенттин Терек-Сайдагы абал боюнча башы катты

Жогорку Кеңеш депутаттары жалпы жыйынында Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы абал боюнча маселени карашты. Депутат Кожобек Рыспаев жергиликтүү элди күч менен токтотууга болбостугун, анын ордуна маселенин чыгуу жолдорун издөөнү сунуш кылды. Ал эми Исхак Пирматов бул жердеги негизги маселе мыйзамсыз казылып, мыйзамсыз экспорттолуп жаткан сурьмада болуп жаткандыгына токтолду. “Бул жерге бир эмес миң пост койсо дагы […]