президент - Т-медиа

Текебаев: Жээнбековго жолугуп калсам кылмыш ишим жөнүндө айтылбайт

Үй камагындагы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга расмий чакыруу албаганын маалымдады. Ал бул маалыматты массалык маалымат каражаттарынан укканын жана чакыруу болсо кабыл аларын айтты.

Жээнбеков Баткендиктер менен жолугушууда

Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда. Мамлекет башчысы Баткен жергесинин көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билерин айтты. Ошондой эле миграция, жумуш орундары менен камсыз кылуу, чек араны бекемдөө көйгөйлөрүн чечүү мамлекеттин милдети экенин белгилеп өттү. Жээнбеков региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп […]

Ниязов Стамалиеванын айткандарын четке какты

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиевага президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов жооп кайтарды. Кечээ, 9-апрелде президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Facebook баракчасына экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу билдирүү жазып чыккан. Анда Стамалиева Атамбаев кыргыздардан чыккан Дэн Сяопин болгусу бар деп алты бөлүктөн турган баян чыгарган. Ошондой эле ал кыйыр түрдө СДПК шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековдун […]

Акыйкатчы Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды

Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын мурунку төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Токон Мамытовдун дарегине Мурат Суталиновдон арыз түшүп, анда бөйрөк рагына чалдыкканына байланыштуу ден соолугу начарлап, бирок Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев мыйзамсыз чечим кабыл алганы жазылган. Арыз менен таашынкан акыйкатчы Жогорку сотко, Бишкек шаардык сотунун төрагаларына […]

Апрель революциясында курман болгондор эскерилди. Сүрөттөр

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрелде 2010-жылы Элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерди. Чогулгандар бир мүнөт үн катпай турушуп, курман болгондордун элесине арналып куран окулду. Иш-чарага Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Джумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, КР экс-президенти Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт […]

Президент төрт эмдин ата-энесине 2 млн сом берди. Сүрөттөр

Бүгүн, 4-апрелде, президент Сооронбай Жээнбековдун атынан Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордон төрөлгөн төрт эм ымыркайдын ата-энесине турак жай алыш үчүн 2 млн сом сертификат жана эки орундуу коляска берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары, өкмөтү тарабынан жаш үй-бүлөнүн муктаждыктарына 150 миң сом бөлүнүп берилди. Айта кетсек, бөбөктөр 31-32 жумалык болуп, биринчиси 1 […]

Жээнбеков Дүйнөлүк банктан колдоо сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Ал кечээ, 12-мартта Лилия Бурунчук менен 2019-2022-жылдарга карата өнөктөштүк программасынын алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады. Мамлекет башчысы Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен жакынкы болочоктогу өнөктөштүгүнүн пландарын жана стратегиясын талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттануу билдирди жана өлкөнү өнүктүрүү маселелеринде көрсөтүлүп жаткан жигердүү колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. «Биздин өлкө […]

Жээнбеков: Кыргызстанда 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт

Кыргызстанда 2026-жылга чейин жумуш орундары түзүлүп, ички миграция токтойт. Бул ирригация боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашат.  Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда айтты. Анын белгилешинче, аталган программа 2026-жылга чейин ишке ашып, 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт. «Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар жогору. Программага ылайык […]

Жээнбеков: жылына ар бир район борборуна 3 чакырым асфальт төшөлөт

Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчынын белгилешинче, ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир район борборлорунда жыл сайын 3 км кем эмес жолдорун асфальттоо боюнча маселеси бар. «Транзиттик мамлекет болууга аракет кылып жатабыз. Мурунку […]

Жээнбеков: каттоону санариптештирүү маанилүү иш чара

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Жолугушууда 2020-жылы Кыргызстанда өтө турган калкты жана турак-жай фондун каттоого даярдык маселеси, республиканын каттоо системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жана статистикалык маалыматтарды таркатуунун актуалдуулугу талкууланды. Мамлекет башчысы калкты жана турак жай фондун каттоо — бул өлкөнүн аймагында жашаган бардык калктын социалдык, демографиялык жана экономикалык […]