өрт - Т-медиа

Сузакта малга камдалган тоюттар күйүп кетти. Фото

Жалал-Абаддын Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын Үч-Малай айылында 7 тонна чөп, 200 түк саман жана 200 боо жүгөрү сабагы күйүп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечээ 13-декабрь күнү болжол менен саат 15:50дө катталган. Өрт саат 16:00до чектөөгө алынып, саат 18:20да толук өчүрүлгөн. Министрликтин билдирүүсүндө, өрт кырсыгы жаш балдардын от […]

Чүйдө турак-үй өрттөндү

Кечээ Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Покровка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак-үйдүн 250 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечээ түнү катталган. Турак-үйдүн 250 чарчы метр чатыры жана бастырманын 35 чарчы метри өрттөнгөн. Өрт саат 02:20да чектөөгө алынып, саат 03:14тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн чыгуу себеби жылытуучу […]

Ошто музыкалык окуу жайда өрт чыкты (фото)

Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди Маалыматка ылайык, окуя бүгүн түнкү саат 1:00 чамасында катталып,  2:42де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн. Учурда окуянын келип чыгуу себептери жана […]

Ошто төрт батирлүү үй өрттөндү (фото)

Оштун Алымбеков көчөсүндө жайгашкан төрт батирлүү барак тибиндеги үй өрттөндү. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова билдирди. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн эрте менен саат 05:40 чамасында катталган. Батирлердин биринен чыккан өрт барак тибиндеги үйдүн баарын жалмап, жарым-жартылай күйүп кеткен. «Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган. Өрт саат 06:17де чектөөгө алынып, 08:05те […]

Өзгөндө дүкөндүн кампасы өрттөндү. Фото

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө үй тиричилик техникалары сакталган кампада өрт чыкты. Тилсиз жоодон 20  муздаткыч жана кир жуугуч машиналары күйгөн.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы «Т-Медиага» билдиргендей, өрт 23-сентябрда 11:50 чамасында чыгып,  саат 14:00до толук өчүрүлгөн. «Борбордук базардын сырт тарабындагы кампа өрттөндү. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери жана канча чыгым келтирилгени аныктала элек. Кошумча маалыматтар такталганда […]

ИИМ Супарадагы өрт боюнча үн катты

Бишкектин четиндеги «Супара» этнокомплексинде чыккан өрттө эч кандай кылмыш белгилерин мүнөздөгөн жагдайлар чыга элек. Эксперттер өрт коопсуздук талаптары сакталбаган жана кокустук деп эсептешүүдө.  Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Анда айтылгандай, өрттүн келип чыгуу себептери акыркы корутундусу чыккандан кийин айтылат. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Көзөмөл жүргүзүүчү видеокамералардын тасмалары алынган. Окуяны иликтөө Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын […]

Супарадагы өрттүн болжолдуу себеби аныкталды

Бишкектин четиндеги «Супара» этнокомплексиндеги чыккан өрттүн алдын ала божомолу чыкты. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча өрт кырсыгы электр зымдарынан чыккан деп болжолдонуп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова «Т-Медиага» билдиргендей, өрт этнокомплекстин ашканасынан электр зымдарынын туташуусунан чыккан деген версия бар. «Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өрт «Супара» этно комплексинин имаратынын жаңы ашканасында чыккан. Өрттүн келип чыгышы электр жабдыктарын […]

Өрттүн көбөйүшү өкмөттүн көңүлүн бурду

Бир апталык мөөнөттө базар жана коомдук жайларда өрткө каршы талаптардын сакталышы текшерилет. Мындай тапшырманы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу кеңешмеде милдеттендирди.  Өкмөт башчы өрт коопсуздугун сактоо көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылып, тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте соода түйүндөрүнүн, оюн-зоок жайларынын аймактарында, коомдук тамактануу жана эл көп чогулган жерлерде өрткө каршы коопсуздук ченемдерин сактоону […]

Супарада эмнелер күйдү? ӨКМ тактады

Бишкектин четиндеги “Супара” этно комплексинин 1000 чарчы метр  аянты күйүп кетти. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова билдирди.  Маалыматка ылайык, этно комплекстин жаңы курулуп жаткан имараты жана 6 боз үй толук күйгөн. Азырынча келтирилген чыгым так аныктала элек. «Азыр материалдык чыгым эсептелип жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби да аныктала элек. Тактоо иштерин жүргүзүп […]

Араванда май заводдон өрт чыкты. Келтирилген чыгым 10 миң доллар (фото)

Аравандын Алля Анаров айыл өкмөтүндө май чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 2 тонна май күйүп, цех 10 миң доллар чыгымга учураган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, окуя 7-сентябрга караган түнү катталган. Өрт кырсыгынан имараттын 200 чарчы метри  күйүп кетти. ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, өрт электр тогунан чыккан. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. […]