Саясат - Т-медиа

Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматтан четтеди

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка бүгүн 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп 2014-жылдын дайындалган. Ал 2016-жылдан тарта Кыргызстандын Канададагы элчисинин кызматын кошо аткара баштаган. Өкмөт өткөн жумада Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Коредагы элчилик кызматка […]

Саясатташкан жылга саякат. Эскертме

Быйылкы жыл Кыргызстанда түрдүү бурулуштардын жылы болду. Жыл башында ашкереленген ЖЭБ чуусу мурдагы премьер-министрлер баш болгон ондогон жогорку кызмат адамдарын камакка алды. Маселе Алмазбек Атамбаевге да келип такалып, натыйжада экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоор иштелип чыкты.  Бул арада азыркы жана мурдагы президенттердин мамилесине доо кетип,  экөөнүн тымызын күрөшү бүтүндөй коомчулукка белгилүү болду. “Т-Меdia Group” өтүп […]

Финчалгын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Буга чейин интернетке Гуламжан Анарбаевдин «өтө маанилүү» деген белги коюлган коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты интернетке жарыяланган. “Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү” боюнча мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери […]

Жээнбеков: «Раим миллионду» жакшы иштейт деп Оштон алып келишкен

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен эч кандай байланышы жок экенин бүгүнкү басма сөз жыйында айтып чыкты.  Жээнбековдун белгилешинче, 2017-жылдан бери Райымбек Матраимов жөнүндө сөз болгон эмес. Президенттике келгенимден кийин эле аны коррупционер деп иштен алышып, менин жакыным деген сөздөр айтыла баштады. Бирок бийлике келгенимде Райымбек Матраимов кызматта жок эле. Соттон […]

Жээнбеков түрк президенти Эрдоганга көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынан каза болгондорго байланыштуу Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. «Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынын кесепетинен Түркиянын көп сандагы жарандарынын курман болгондугу тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез […]

Ош мэриясы токтомдорду аткарбай жатканы белгилүү болду. Видео

Ош шаардык кеңеши тарабынан чыккан токтомдор аткарылбай жатат. Бул тууралуу депутаттар тармактык комиссиянын отурумунда айтып чыгышты. Депутаттардын белгилешинче, айрым токтомдордун аткарылбаганына жыл айланып кетти. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилер менен кошо биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевди кызматтан четтетүү боюнча чечим кабыл алынды. Ал боюнча расмий кат Ош шаарынын мэрине жөнөтүлмөкчү. Кайсы токтомдор аткарылбай келүүдө? 2017-жылдын декабрь айында кабыл алынган токтомго […]

Атамбаев: биринчи кудай, экинчи сиз деген дос болумуш сатты

Саткандардын далайын көргөмүн. Мурмукулов болобу Жээнбеков болобу кечирип койчумун. Колдогонум, өстүргөнүм туура эмес болуптур. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде билдирди. Кезинде Жээнбеков сиздин жакшылыгыңызды унутсам кудай урсун деп айткан. Ошондуктан муну кудайга эле коёлу. Баарыбир кудай урат деп билдирди экс-президент. “Мен негизи адамдын эки жүздүүлүгүн бир топ эле көргөнмүн. Өзгөчө галустукчандар […]

Абылгазиев: ички дүң продукция 2%га өстү

2018-жылдын аягына чейин ички дүң продукциянын көлөмү 2,8% болору болжолдонууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Айтымында, товарларды сатып алуу күнүмдүк чыгымдар 4 млрд сомго оптималдаштырылган. Бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 2,7%га азайтылган. Акчалай чегерилишинде алсак, дефицит 20,3 млрд сомдон 15,2 млрд сомго чейин төмөндөгөн.  «2018-жылдын сентябрь айынан тарта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү оң […]

Ош облустук оорукананын жетекчилигине Талантбек Арcтанкулов дайындалды

Ош облустук оорукананын жетекчиси болуп Талантбек Арcтанкулов дайындалды. Бул тууралуу облустук саламаттыкты сактоонун координаторунун орун басары Адыл Алимкулов билдирди. Маалыматка ылайык, Арстанкулов министрликтин чечими менен бүгүн, 15-ноябрда дайындалган.  Ал буга чейин Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары болуп эмгектенген. Жамаатка жаңы жетекчини министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов тааныштырды. Эске салсак, оорукананын мурунку жетекчиси Шайырбек Сулайманов 2009-жылдан […]

Ошто автоунаа уурдаган жаран кармалды

Ош шаарында  “Тико” үлгүсүндөгү эки автоунаасын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, шектүү ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ автомашиналарды башка ачкыч менен уурдап жүргөн. Ал эки машинаны тең бир түндѳ шаарда такси катары пайдаланып, андан соң шаардан сырткаркы ээн аймактарга таштап кеткенин билдирген. Учурда кармалган жарандын үстүнѳн иш козголуп, иликтѳѳ иштери […]