шайлоо - Т-медиа

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү аныкталды. Видео

Жаңы мыйзамга ылайык 2020-жылдагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо күнү да белгиленди. Ага ылайык, шайлоо кийинки жылдын апрель жана октябрь айларынын экинчи жекшемби күндөрүнө коюлду. Бул тууралуу ЖК депутаттары менен БШКнын өкүлдөрү жергиликтүү бийликтегилерге курган жыйын учурунда тушүндүрүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жаштарды кызматташууга чакырат. Видео

Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу атайын өкүлү Расул Кадыров TMG телеканалынын “Ачык талкуу” ток шоусунда билдирди.  Анын айтымында, жаштар БШКга мүчө болуп катталып, шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоочу катары көз сала алат. 

Тышкы иштер министрлигине ким татыктуу? Сурамжылоо

Эрлан Абдылдаев кеткенден бери тышкы иштер министринин орду бош турат. Азырынча кыргыз өкмөтү дипломатиялык алакаларды ишке ашырган министрлик кызматына эч кимди дайындай элек.  Азыр бул жооптуу кызматка дайындалышы мүмкүн делген талапкерлердин болжолдуу тизмеси айтыла баштады. Алардын арасында мурдагы тышкы иштер министрлеринин да ысымы аталып жүрөт. Төмөндө болжолдуу талапкерлерди тизмектеп чыкканбыз. Ар бири менен таанышып чыгып, […]

Акыйкатчылыкка талапкерлердин бири кандидатурасын алды

Акыйкатчылыкка талапкер Маматурайым Момунов өзүнүн кандидатурасын алып салды. Бул тууралу Момунов парламенттин пленардык жыйында билдирди. Ал “тажрыйбалуу талапкерлер турганда, мен өзүмдүн талапкерлигимди алып салууну чечтим”,-деди. Маматурайым Момунов Ушул тапта Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоо жүрүүдө. Эми бул кызмат үчүн төрт адам ат салышат. Алар: 64-жаштагы генерал Токон Мамытов СДПК партиясынан, юридикалык илимдердин доктору Азиз Канатбек “Ата […]

Азиз Суракматов Бишкек мэри болуп шайланды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдоду. 8-август күнкү шайлоодо добуш берген 44 эл өкүлүнүн 43ү «макул», бирөө «каршы» болду. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Суракматовдун программасын укпай эле добуш беришти. Муну Кыргызстандын социал демократиялык партиясы (КСДП) фракциясы сунуштап, көпчүлүк колдоду. Алар Суракматов мурда өз пландарын бардык фракцияларга айтып бергенин буга негиз кылышты. […]

Бишкек мэрин шайлоонун тартибине каршылар чыкты

«Биздин укук» коомдук фонду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылды. Кайрылуунун себеби Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгаруу өтүнүчү болду. Фонддун жетекчиси Калича Умуралиеванын айтымында, мэр атаандаштыктын негизинде шайлануусу керек. — Учурда өтүп жаткан шайлоо мыйзамга ылайык келбейт. Анткени бул жерде бир гана талапкер болуп жатат. Бул шайлоо эмес, дайындоо болуп жатат. Ошондуктан […]

Таалайбек Сарыбашев кызматына киришет

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев эртеңден кызматына киришет. Тиешелүү күбөлүктү аймактык шайлоо комиссиясы 24-июлда тапшырат. Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Ал белгилегендей, боршайком 18-июлда өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду бүгүн бекитти.  «Ош шаарына Таалайбек Сарыбашев мэр болуп расмий бекитилди. Токтомду БШК бүгүн кабыл алды. Күбөлүктү эртең Ош мэриясынын […]