Сооронбай Жээнбеков - Т-медиа

Жээнбеков: Кыргызстанда 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт

Кыргызстанда 2026-жылга чейин жумуш орундары түзүлүп, ички миграция токтойт. Бул ирригация боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашат.  Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда айтты. Анын белгилешинче, аталган программа 2026-жылга чейин ишке ашып, 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт. «Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар жогору. Программага ылайык […]

Жээнбеков: азыркы окуу китептеринин сапаты төмөн

Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Ал мектептердин жалпы абалын жана окуу китептердин сапатын жакшыртууну тапшырды. Мамлекет башчы акыркы мезгилде басмаканадан чыккан окуу китептеринин сапаты төмөндөп кеткенин айтты. Ошондуктан, окуу китептерин басып чыгарууга системалуу мамиле керектигин белгиледи. «-Окуу китептерин иштеп чыгуу, басып чыгаруу, таратуу үчүн сапатын көзөмөлдөө, белгиленген стандарттарды […]

Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-февралда Россия Федерациясынын Сочи шаарына бир күндүк иш сапар менен барды. Анын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу маселелерди талкуулашты. Андан сырткары 2019-жылдын март айынын аягына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визити тууралуу да сүйлөшүштү. Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын чакыруусун кабыл алып, Сочиге кыска, бирок […]

Жээнбеков: айлыктарды көбөйтүү боюнча убадамды аткарам

“Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктарын көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйдү, эми кийинки кезек мугалимдерде”, — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Жээнбеков белгилегендей, биринчи этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер, медайымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө […]

Жылсереп: Кайсы окуя элге түшүнүксүз бойдон калды?

Быйыл Кыргызстанда ар түрдүү окуялар катталды. Өлкө Өзбекстан менен талаш чек араларын тактоону быйыл да улантып, бирок жыйынтыгы коомчулукка бүгүнкө чейин белгисиз болуп турат. Жыл аяктап калганда Кыргызстанда кытайлыктарга каршы толкун пайда болуп, кыргыз-кытай мамилеси түшүнүксүз болуп турган чагы. “Т-Media Group” жыл ичинде катталган окуяларды тизмектеп чыккан.  

Жээнбеков апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушту

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы жыл жыйынтыкталаар алдында Элдик апрель революциянын катышуучулары менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин угуп, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап коюуну ылайык тапкандыгын белгиледи. «Узап бараткан жылыбыз жакшы жылдардан болду. Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук, элибизде ынтымак […]

Жээнбеков: «Раим миллионду» жакшы иштейт деп Оштон алып келишкен

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен эч кандай байланышы жок экенин бүгүнкү басма сөз жыйында айтып чыкты.  Жээнбековдун белгилешинче, 2017-жылдан бери Райымбек Матраимов жөнүндө сөз болгон эмес. Президенттике келгенимден кийин эле аны коррупционер деп иштен алышып, менин жакыным деген сөздөр айтыла баштады. Бирок бийлике келгенимде Райымбек Матраимов кызматта жок эле. Соттон […]

Жээнбеков түрк президенти Эрдоганга көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынан каза болгондорго байланыштуу Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. «Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынын кесепетинен Түркиянын көп сандагы жарандарынын курман болгондугу тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез […]

Жээнбеков: санариптик коом аркылуу коррупцияны жоёбуз

2019-2023-жылдарда Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо Концепциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында маалымдады. «Менин негизги максатым — санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу. Мамлекеттик бийликтин негизги функцияларын аткаруу үчүн санариптик технологияларды кеӊири колдонуу зарыл»,-деди Сооронбай Жээнбеков. Санариптик трансформациялоо мыйзам […]

Жээнбеков: Чыңгыз Айтматов академиясы түзүлөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү демигесин колдойт. Муну ал Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада белгилеп өттү.  Мамлекет башчы өз сөзүндө белгилегендей, бүткүл дүйнөгө таанылган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган академияны түзүү учурдун талабы. Жазуучуну эскерүүгө Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Чыңгыз Айтматовдун туугандары, достору жана чыгармачылыгын сыйлагандар келишти.    […]