Сот - Т-медиа

Оштогу мыйзамсыз башталган 13 кабаттуу үйдүн курулушу экинчи жолу да бузулбай калды. Видео

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу үйдүн курулушу бузулбай калды. Бул шаардык бийлик менен тиешелүү органдардын экинчи жолку аракети болчу. 

Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карай баштады

12-сентябрда Казакстандагы Алматы шаардык сотунда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызы карала баштады. Аны соттун төмөнкү инстанциясы 12 жылга эркинен ажыраткан.

Мурдагы прокурор Мамажакыповтун өлүмү боюнча сотто чыр чыкты (видео)

Баткен облусунун мурдагы прокурорунун өлүмүнө байланыштуу иш бүгүн Ош шаардык сотунда каралып, эки тарап чырдаша кеткенине байланыштуу процесс кийинкиге жылдырылды. Бул жолку соттук териштирүүдө маркум Анарбай Мамажакыповтун кесиптештери суралды. Мындан сырткары Баткен облусунун тургундары да суралмак, бирок жабырлануучу тарап менен айыпталган тараптын жакындары чырдашып кеткенине байланыштуу соттук отурумга төрагалык кылуучу процессти 1-июлга жылдырды. Эске салсак […]

Сынак жарыяланды. Соттук өкүлчүлүк борборуна кызматкерлер кабыл алынат

Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун (СӨБ) эксперти бош кызмат орундарына документтерди кабыл алат. Талаптары: — жогорку юридикалык билим; — 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Кесиптик билими жана жөндөмдүүлүктөрү: — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү; — соттук териштирүүлөрдө катышуу тажрыйбасы; — аналитикалык иш жана аналитикалык документтерди даярдоо жөндөмдүүлүктөрү; — команда менен иштөө жана коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу […]

Атамбаев менен Сарпашевди сотко берген жарандын арызы артка кайтарылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди жана Мамкаттоонун мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашевди сотко берген жарандын арызы артка кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Айдар Халиков аттуу жаран 2019-жылдын 19-февралында колго жазылган арыз менен кайрылган. Анда ал паспорттон «улуту» графасын алып салгандыгын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, ал үчүн экс-президент […]

Сапар Исаковдун иши башкы прокуратурага өттү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин башкы прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу аталган иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, башкы прокуратура беш күн ичинде айыпты бекитип, аны айыпталуучуларга угузушу керек. Андан кийин иш сотко жөнөтүлүп, ал он күндүн ичинде […]