Спорт - Т-медиа

Тарыхты өзгөрткөн Айсулуу. Сүрөттөр

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды.

Жөө басуунун пайдасын билесизби?

Байыркы грек дабагери Гиппократ жөө басууну «оорунун эң мыкты дарысы» деп эсептеп, «Менин эки дабагерим бар: бири — оң бутум, экинчиси — сол бутум», — деп айтат. Жөө басуу  ден соолукка канчалык деңгээлде пайдалуу экендигин материалдан таанышыңыз.

Футбол: Валерий Кичин быйылкы сезондо Европа Лигасында ойнойт

Футбол боюнча кыргыз курамасынын мүчөсү Валерий Кичин быйылкы жаңы сезондо Беларусиянын «Динамо Минск» клубу менен келишим түздү. Эми кыргызстандык футболчу аталган клуб менен Европа Лигасында да ойной алат. Анткени «Динамо Минск» командасы быйылкы жылы Европа Лигасына ойноого мүмкүнчүлүк алган. Валерий Кичин Европа Лигасында ойногон  кыргыз курамасындагы алгачкы  футболчу  болуп калууда. Европа Лигасы дүйнөдөгү  беделдүү футболдук чемпионаттардын […]

Футбол: Бразилия курамасы Америка чемпиону болду

Бразилиянын футбол боюнча курама командасы Америка кубогун жеңип алды. Жекшемби күнү, Рио-де-Жанейронун «Маракана» стадионунда континент биринчилигинин финалы болуп өттү. Бразилиялыктар өз үйүндө Перунун курама командасы менен беттешти. Мелдеш 3:1 эсебинде аяктап, мындай жыйынтыкка Эвертон (15-мүнөттө), Габриэль Жезус (45-мүнөттө) жана Ришарлисондун (90-мүнөттө) киргизген голдору жеткирди. Перулуктардын жападан жалгыз голун 44-мүнөттө Хосе Паоло Герреро киргизди. Финалдык беттештин […]

Антонина Шевченконун UFC уюмундагы кезектеги беттеши белгиленди. Атаандашы ким болот?

Антонина Шевченконун UFC уюмундагы үчүнчү беттеши белгиленип, ал 3-августта Американын Ньюарк шаарында өтөт. Бул туурасында MMA Fighting спорттук порталы жазып чыкты. Антонина аталган уюмдагы экинчи беттешин америкалык Роксанн Модаффери менен өткөрүп, утулуп калган эле. Антонина Шевченконун 3-августагы атаандашы чехиялык Люси Пудилова болмокчу. Чехиялык Пудилова UFC уюмунда жалпы 3 беттеш өткөрүп, анын бирөөндө гана жеңишке жетишкен. Ал эми Антонинанын бул жолу UFC уюмундагы үчүнчү беттеши […]

Тилек Машрапов BELLATOR менен келишим түздү

Кыргызстандык эрежесиз эр уруштун чебери Тилек Машрапов BELLATOR уюму менен келишим түздү. Бул тууралуу ал жекшемби күнү Бишкек шаарында өткөн эрежесиз эр уруштан кийин журналистерге берген интервьюсунда айткан. Мушкердин белгилөөсүндө жаңы менеджер менен келишим түзүлүп, ал аркылуу  BELLATOR уюму менен да келишим түзүүгө жетишкен. Келишимге ылайык, Тилек Машрапов эми аталган уюмда 5 беттеш өткөрөт. Азырынча биринчи беттеши […]

Бусурманкул Абдибайит уулунун кийинки беттеши аныкталды

Кыргызстандык эрежесиз эр уруштун чебери Бусурманкул Абдибайит уулунун алдыдагы беттеши ким менен болоору аныкталды. M-1 Global уюмундагы Кыргызстандык мушкердин алдыдагы беттеши Андрей Лежнев менен болот. Беттеш 20-июль күнү M-1 Challenge 103:  алкагында болоору айтылууда. Бул тууралуу sport.akipress сайты жазып чыкты. Бусурманкулдун атаандашы украиналык мушкер Андрей Лежнев. Ал  M-1 Global уюму менен 2015-жылы келишим түзүп 10 беттеш өткөргөн. Украиналык мушкердин […]

Футбол: Ошто ЖМКлар арасында футбол мелдеши өттү

Ош облусундагы ЖМКлар арасындагы футбол боюнча мелдештен кыска видео маалымат даярдадык. Бул мелдеш Тайыржан Турсуналиевтин элесине арналып уюштурулган. Футбол быйылкы жылы экинчи ирет өткөрүлүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы мелдеште күтүлбөгөн жыйынтык болду. Мелдеш тууралуу кыска видео маалыматты көрөбүз.  

Ошто массалык жарышка байланыштуу жекшембиде айрым көчөлөр жабылат. Тизме

Ушул жекшембиде тагыраагы 23-июнь күнү Ош шаарында масштабтуу жарыш уюштурулгандыктан айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. Анын билдиришинче ,бул күнү «ТОНУС» коомдук фондусу менен Ош шаардык мэриясы биргеликте масштабтуу жарыш уюштуруп жатат. Спортчулар чуркап өтчү жолдун картасы аныкталды. Андыктан төмөнкү көчөлөр жарыш учурунда убактылуу жабылат. Жарыш таңкы […]

Футбол: Кыргыз Премьер лиганын 11-тур оюндары аныкталды

Кыргыз Премьер лигасынын 11-тур оюндарынын жадыбалы аныкталды. Ага ылайык, бул турдагы биринчи беттеш 22-июнь күнү башталат. 11-турдун биринчи жуптук беттеши Алай командасы менен Лидер командалары ортосунда орун алат. Оюн 22-июнь күнү 16:00 дө башталып, ушул эле күнү Нефтчи менен Илбирс командалары кез келет. Демек 11-турдагы оюндардын жадыбалына назар салалы: 22 июнь 16:00 «Академия-Лидер» — «Алай» […]