Оштон Ташкентке чуркап барган жөө күлүктөр кайтып келишти. Фото

Ош-Ташкент багыты боюнча чуркоо акциясы жыйынтыкталды. Өзбекстандын борборуна 12 күндө чуркап жетип барган үч кыргызстандык 10-сентябрда кайра кайтып келишти.  27-августта «Достук» чек ара бекетинен жөнөп кеткен марафончулар Ташкент шаарына 9-сентябрда жетип барышкан. Келатканда буга чейин пландашкандай эле автобус менен кайтышты. Катышуучулардын эң кичүүсү Курсанбек Сыдыков 48де болсо, калган экөө ардагер. Зулумбек Хабибуллаев 70ге таяп калса, Сатвалды Хусанов 74кө […]

Азиада-2018: Айсулуу Тыныбековага алтын ыйгарылабы? Микровидео

Азия Олимпиада кеңеши монгол күрөшчүсү Орхон Пуревдоржду алтын медалдан ажыратты. Эреже боюнча эми алтын медал экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилип калат.

Оштон Ташкентке чуркоо акциясы башталды. Катышчуулардын улуусу 74тө (фото)

Ош-Ташкент багыты боюнча чуркоо акциясы 27-августта старт алды. Үч кыргызстандык баштаган марафон Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган. Катышуучулардын эң кичүүсү 48де болсо, калган экөө ардагер. Бири 70ге таяп калса, экинчиси 74кө кирген. Марафончулар бүгүн таңда «Достук» чек ара бекетинен жөнөп кетишти. Эми  Өзбекстандын борборуна 9-сентябрда жетип барышат.  Ош – Ташкент аралыгындагы 540 чакырымды толук жөө […]

Айылдан чыккан чемпион айым

Өзгөндүн Красный-Маяк айылынан алыш күрөшү боюнча Азия чемпиону чыккан. 2002-жылы чемпион болгон айым Нуржан Давудахунова. Ал ошондон көп өтпөй эле күрөш менен машыгууну токтотот. 16 жыл дегенде гана спортко кайра кайтты.