т-медиа - Т-медиа

ВИЧ жугузуп алганыма өкүнбөйм. Мигрант аялдын баяны

ВИЧ жугузуп алганыма өкүнбөймБул илдет мени чыйралттыЖашоого көз карашым оң жакка өзгөрдү Менин каарманым Канышай тирүүлүк үчүн тирешкен адам экени айгине болуп турат. Анткени ал ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн адамдардын катарына кирет. Апасы болсо Канышайдын кепинин даярдап жакындары аны жерге берүүгө камынган күндөр да болгон. Мен 18 жашымда турмушка чыкканмын, бир жылдан кийин кызым төрөлдү. Ал […]

Мамлекеттик циркке жетекчи дайындалды

Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекмамбетов дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм Азамат Жаманкулов кол койгон. Бекмамбетов КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары жана “Айтыш” фондунун директору кызматтарын ээлеп келген. Мамлекеттик цирктин мурдагы жетекчиси 2018-жылдын соңунда кызматтан кеткен эле. Дээрлик эки айдан бери жаңы жетекчи дайындалбай жатканына цирктин жамааты нааразылык […]

Цирктин кызматкерлери иштен кетүүгө белсенүүдө

Кыргызстандын мамлекеттик циркинде иштегендердин ичинен 30дан ашуун артист, группа жетекчилери иштен кетүү боюнча арыз жазды. Алар арыз менен бирге эл аралык мелдештерде, ар кандай сынактарда утуп келген кубокторун, грамоталарын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго тапшырганы жатышат. — Министр «үч күн ичинде жетекчи дайындалат» деп убада берген. Бүгүн үчүнчү күн болуп жатат. Кеч кирип […]

Ак шумкарларды аэропортто тосуп алуу. Фото

Бүгүн, 24-январда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогуна катышкан Кыргызстан курама командасы өлкөсүнө кайтып келди. Түнкү саат 04:30 экенине карабай  футболчуларды тосуп алууга келген күйөрмандардын саны арбын болду. Улуттук курамабызды вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да барган. Ал сөз сүйлөп курамага жана анын машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди. Ак шумкарлар менен жолугушуу бүгүн 15:00дө Ала-Тоо аянтында […]

Казакстанда жоолукчан окуучулардын ата-энелерине айып салынды

Казакстандын Актөбө облусунда жоолук салынган окуучулар мектепке киргизилбей жаткандыктан алардын ата—энелерине айыппул салынды. Алардын балдары Актөбө шаарынын №8 жана №60 орто мектебинде окушат. Облустук билим берүү тармагын көзөмөлдөө департаментинин өкүлү Жанар Мухамбеталина ар бир ата-энеге 12625 теңге (30 доллар) айыппул салынганын маалымдады. Аймактык билим берүү башкармалыгынын кабарлашынча, учурда облус аймагында “мектеп формасын бузгандыктан” сабакка катыша албай […]

Ошто 14 жаштагы бала өз жанын кыйды

Кечээ, 15-январда саат 19:25 чамасында Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында 14 жаштагы бала ѳз үйүнүн сарайында жипке асынып алган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган маалымат боюнча Ош ШИИБнын Сулайман тоо милиция бѳлүмү тарабынан алгачкы текшерүү иш чаралары жүргүзүлгѳн. Анын 17.30 чамаларында асынып алгандыгы тууралуу маркумду чечип алышкан күбѳлѳр билдирген. […]

Жээнбеков апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушту

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы жыл жыйынтыкталаар алдында Элдик апрель революциянын катышуучулары менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин угуп, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап коюуну ылайык тапкандыгын белгиледи. «Узап бараткан жылыбыз жакшы жылдардан болду. Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук, элибизде ынтымак […]

Кароого муктаж балдардын ата-энелери февралдан айлык ала баштайт

Туруктуу кароого муктаж экендиги тууралуу тиешелүү медициналык ырастамасы бар алты миң баланын ата-эне февралдан тарта маяна ала баштайт. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай айлык алуу үчүн оорулуу баласын баккан башка ата-энелер дагы тиешелүү документтерди топтоп, банктан эсеп ачышы керек. Айлыктын суммасы 5000 сомдун тегерегинде болот. Ал “персоналдык жардамчы” деген категориядагы патенттин […]

Милиция: Баткенде 50 жаштагы аял күйөөсүн балталап өлтүргөн

Баткен облусунун Лейлек районунда 50 жаштагы аял өзүнүн күйөөсүн балталап өлтүргөн. Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Окуя 25-ноябрда Лейлектин Арка-2 айылында болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, кылмышка шектүү аял жана жолдошу А.Г. ошол күнү мас абалда болушкан. Ортолорунда кайым айтышуу жаралып, аял балта менен күйөөсүн бир чапкан. Жолдошу алган жаракаттарынан улам […]

Рейд: тамак даярдаган жерде ажаткана жайгашкан. Видео

Ош облустук ооруканасынын жанында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар жана дүкөндөр күтүүсүз текшерилди. Пландан сырткаркы тешкерүү жарандардан түшкөн арыздын негизинде жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында алты ашкана эртеңден тарта ишмердүүлүгүн токтотмок болуп турат. Буга тамактануучу жайлардын санитардык абалы талапка жооп бербегени себеп болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, үстүнөн арыз түшкөн тамактануучу жайлардын баары санитардык нормаларды сактабайт. Ашканаларындагы буюм-тайымдар баш аламан жайгашкан […]