Ошто эң начар деген он мектеп директору кызматтан четтейт. Тизмеси инфографикада

Ош шаарында билим сапаты эң төмөн делген он мектептин жетекчиси кызматтан алынат. Мындай тапшырманы бүгүн, 27-августта калаа башчы Таалайбек Сарыбашов мугалимдердин август кеңешмесинде милдеттендирди. Реформалоо мектептердеги билим сапатын көтөрүүгө багытталган. Эми коюлган тапшырманын негизинде жаңы окуу жылына чейин  көрсөткүчү төмөн мектептердин директорлору алмашат. «Биринчиден мектеп директорлору билимдүү болушу керек. Кадрдык өзгөрүүдөн баштайбыз. Сталин айткандай, кадр […]

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталат

Ош шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталат. 150 батирлүү эки көп кабаттуу үйдүн жер маселеси үч күндүн ичинде такталмакчы. Курулуш түшчү жерди үч күндө чечүүнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырды. Милдеттеме вице-мэрлер, курулуш тармагын жана экономикалык багытты тейлеген муниципалдык кызматтардын жетекчилерине жүктөлдү. Ипотекалык багыттагы эки көп кабатуу үйдүн курулушу жер тактала электигине байланыштуу токтоп турат. Он кабаттан […]

Ошто 630 орундуу мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы Өзбекстандын каржылоосу менен курулуп жаткан №18- мектебине кошумча  630 орундуу окуу имаратынын курулушун менен таанышты.  Бул тууралуу “Т-Медиага» Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. Анын билдирүүсүндө, курулуп жаткан үч кабаттуу мектептин дубалы тургузулуп үстү жабылган. Окуу корпусундагы, спорт зал, ашкана жана жыйындар залын актап сырдоо иштери жасалууда. Мектептин […]

Таалайбек Сарыбашов: Ош шаарынын бюджети көтөрүлөт

Таалайбек Сарыбашов Ош мэрлигине бүгүндөн расмий киришти. Ал мэрлик мөөнөтү бүткөнчө жергиликтүү бюджетти көтөрүүнү убадалоодо. Жергиликтүү казынанын көлөмү көмүскө салыктардын эсебинен көтөрүлөт. Ал багытта жаңы мэр өзүнчө пландарды түзгөн. Бюджет көбөйсө социалдык обьектерди курууга басым жасалат. Бала-бакча, мектептер көбөйөрүн Таалайбек Сарыбашов убада кылды. Эреже боюнча жаңы шайланган мэр 100 күндүн ичинде шаардын стратегиялык планын иштеп […]

Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев аткарып жатат

Азыр Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев убактылуу аткарып жатат.  Ал Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришкенге чейин бул кызматта болот. Мындай маалыматты  “Т-Медиага” мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. Таалайбек Сарыбашев БШК тарабынан расмий күбөлүк тапшырылганда гана мэрликке киришет.  Качан тапшырылышы 3 күн ичинде белгилүү болот. Бул убакыт аралыгында аймактык шайлоо комиссиясы мэр шайлоо боюнча арыз-даттанууларды […]

Сарыбашев кийинки аптадан мэрликке киришет. Эгер арыз-даттануулар түшпөсө

Ош мэрин шайлоо өттү деп таанылды. Тиешелүү протоколдор БШКга жөнөтүлдү. Эгер үч күн ичинде арыз-даттануулар түшсө, ал да боршайкомго жиберилет. Азырынча шайлоо таза өттү деп бааланып жатат. Ошол эле учурда шайлоо эрежелери бузулганы да айтылды. Шайлоо талабына ылайык,  бюллетендер бүктөлүп ташталыш керек эле. Бүгүнкү шайлоодо айрым депутаттар ачык эле көрсөтүп таштап жатышты. Эгер жогорудагы айтылгандар […]

Ош шаарынын мэрин депутаттар кандай шайлады?(Фоторепортаж)

Көптөн күткөн Оштун мэрин шайлоо болуп өттү. «Т-Медиа» шайлоо убагында айрым терс көрүнүнүштөрдү кадрга алды. Мэр болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев шайлоо алдындагы платформасы менен тааныштырып жаткан учурда, шаардык кеңештин кээ бир депутаттары уктап, айрымдары чөнтөк телефону менен алек болуп олтурушту. Депутаттардын  айрым сүрөттөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Шайлоо учурунда тартылган сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.  

Ош мэрине кайрылуу: талапкерге алдындагы милдеттери эскертилет

Ош мэрлигине жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашевге кайрылуу жөнөтүлөт. Расмий катта “Ош мэрине аманат” акциясында көтөрүлгөн сунуштар камтылмакчы. Оозеки жана жазма түрүндө 20дан ашык кайрылуу жасалган.  Акция уюштуруучулары баарын кагазга түшүрүп, талапкерге шайлоого чейин жөнөтүүнү пландоодо. Жаңы мэрге калтырылган аманатта актуалдуу маселелер тизмектелген. Келтирилген сунуштар төмөндө: Кошумчалай кетсек, 14-июлда өткөрүлгөн “Ош мэрине аманат” деп аталган акцияга […]

Сарыбашев тил сынагынан ийгиликтүү өттү

Ош мэрлигине талапкер Таалайбек Сарыбашев мамлекеттик тилден сынак тапшырды. Жыйынтыгын тил комиссиясы канаттандырып, мэр шайлоого катышуусуна уруксат берилди. Мамлекеттик сынак үч бөлүк менен өттү. Талапкер платформасын кыргыз тилинде тааныштырып, жат жазууну мамлекеттик тилде жазды. Сынактын 3-шартында Ч.Айтматовдун «Делбирим» повестинен үзүндүнү көркөм окуду. Жыйынтыгында талапкер мамлекеттик тилди толук билет деген корутунду чыкты. Тил комиссиясы сынакты өттү […]