таиржан Турсуналиев медиа - Т-медиа

Архив кызматы электрондук системага өтөт

Архив имараттары капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңы жабдуулар менен камсыздоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Материалдык-техникалык база чыңдалып, архив кызматы тейлөөнүн электрондук системасына өтөт.  Бул  президенти Сооронбай Жээнбековдун Ош облустук мамлекеттик архивине барган учурунда белгилүү болду. Мамлекет башчысы архивдин кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттуктап, улуттук архивдерде ар бир мамлекеттин тарыхынын, маданиятынын, турмушунун өзгөчөлүктөрү сакталаарын белгиледи. Алар – улуттун документалдуу […]

Кош бойлуу келинин муунтуп өлтүргөн жаран 13 жылга соттолду

Тажикстандын Ховалинг районун тургуну Сафар Носиров келинин өлтүрүп салууда айыпталган. Сот аны 13 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Сотто Носиров 28 жаштагы Шахноза Абдураззакованы муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алды. Окуя быйыл 18-майда келини жыйылган тезектерди уратып алгандан кийин болгон. Носировдун айтымында, ал келининин тезектерди кайра жыйып коюудан баш тартканына жини келип өлтүрүп алган. Соттолгон адам буга чейин […]

Керчтеги кол салуудан каза болгондор 19га жетти

Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында болгон ок атуу жана жарылуудан жабыркаган беш киши комада жатат. Дарыгерлер алардын абалын турукташтырууга аракет жасашууда. Жандандыруу бөлүмүндө бардыгы болуп 10 киши бар. Бул тууралуу Орусия Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова “Россия 24” телеканалына билдири. Кремль көзмөлдөгөн Крымдын башчысы Сергей Аксенов коллежде ок чыгарган студент мурун ок камдап алганын айтты. […]

Тышкы иштер министрлигине ким татыктуу? Сурамжылоо

Эрлан Абдылдаев кеткенден бери тышкы иштер министринин орду бош турат. Азырынча кыргыз өкмөтү дипломатиялык алакаларды ишке ашырган министрлик кызматына эч кимди дайындай элек.  Азыр бул жооптуу кызматка дайындалышы мүмкүн делген талапкерлердин болжолдуу тизмеси айтыла баштады. Алардын арасында мурдагы тышкы иштер министрлеринин да ысымы аталып жүрөт. Төмөндө болжолдуу талапкерлерди тизмектеп чыкканбыз. Ар бири менен таанышып чыгып, […]

Түркмөнстанда сасык тумоого каршы чай ичүү сунушталууда

Түркмөнстан саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министрлигинин маалымат борбору күз мезгилинде сасык тумоодон оолак болуу үчүн жарандарга “11 пайдалуу кеңеш” берген. Анын ичинде Түркмөнстан президенти Гурбынгулы Бердымухамедовдун “Түркмөнстандын дары чөптөрү” китебиндеги чайларды колдонуу да  сунушталган. Гурбангулы Бердымухамедовдун китебиндеги ит мурун, жалбыз, ромашка, кызыл мыянын тамыры жана башка чөптөрдөн жасалган чайлардын пайдасы тууралу кенен жазылган. […]

Ошто милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелип кармалды

Ошто кайгуул кызмат батальонунун эки кызматкери тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.   1-октябрь күнү саат 19:15 чамасында, Ош шаарынын Кара-Суу кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Мээрим” ресторандын алдында Индия Республикасынын 2000-жылы туулган жаранын ѳздѳрүн “милиция кызматкерлери” деп тааныштырган эки атуул ВАЗ 2107 үлгүсүндѳгү автоунаасына олтургузуп, У.Салиева кѳчѳсүнѳн 3000 сом акчасын тартып […]

Эл аралык кыздар күнү эмне үчүн белгиленет?

Бүгүн, 11-октябрь — кыздардын эл аралык күнү. Бул күн Кыргызстандын бардык аймагында кыздардын укуктарын жайылтуу багытында белгиленүүдө.  Кыздар күнүн белгилөө 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бекитилген. Негизги максаты — кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп эсептелет. Эл аралык кыздар күнү секелектер тууралуу көйгөйлүү маселелерди ачык айтып чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун аныктай […]

750 сом үчүн кыйылган өмүр. Окуянын чоо-жайы. Видео

Жалал-Абадда мал сарайда күйүп кеткен 62 жаштагы жаран киши колдуу болгон. Окуяга шектелип Базар-Коргон районунун эки тургуну кармалды.  Бул тууралуу  «Т-Медиага» Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, маркум жашаган сарай атайын өрттөлгөн. «Окуянын себептери такталып, эки күн ичинде кылмышка шектүүлөр Талдуу-Булак айыл аймагынын тургундары К жана М аттуу жалгыз бой аял […]

«Эйр Кыргызстанды» Кытайга берүү сунушталды

«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын Кытайга сатуу демилгеленди. Бул сунушту Жогорку Кеңеш депутаты  Адыл Жунус уулу көтөрүп чыкты.  «Эйр Кыргызстандын» коопсуз уча ала турган учагы жок экен. Менин угушумча, Кытайда кызыгуу бар. Ушуну Кытайдын компанияларына бербейлиби. Азыр Кытайдын көп компанияларында учактары ашып-ташып атыптыр. Эгер Кытайдын компаниясы сатып алса, «бул жакка 3-5 жылдын ичинде 12 учак алып келебиз» деген […]

Бишкек: 5 млн евролук троллейбусттар насыяга алынды. Фото

Борбор калаага 52 троллейбус алынып келинди. Анын 37си Орусиядан алынса, калган 15и  Беларусь Республикасынан сатып алынган.  Жаңы троллейбустар Европалык реконструкция жана ѳнүктүрүү банкынан насыялоо шарттары боюнча алынган. Кредиттик жана гранттык каражаттын жалпы суммасы 7,9 миллион еврону түзөт. Анын ичинен 5,0 миллион евро кредит жана 2,9 миллион евросу гранттык эсепте. Жаңы 52 троллейбустун презентациясы 26-сентябрда Бишкек мэри Азиз […]