таиржан турсуналиев - Т-медиа

Кароого муктаж балдардын ата-энелери февралдан айлык ала баштайт

Туруктуу кароого муктаж экендиги тууралуу тиешелүү медициналык ырастамасы бар алты миң баланын ата-эне февралдан тарта маяна ала баштайт. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай айлык алуу үчүн оорулуу баласын баккан башка ата-энелер дагы тиешелүү документтерди топтоп, банктан эсеп ачышы керек. Айлыктын суммасы 5000 сомдун тегерегинде болот. Ал “персоналдык жардамчы” деген категориядагы патенттин […]

Мигрант аялдарга “саргылт кол чатыр аллеясы” ачылат

Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы паркында “Саргылт кол чатыр аллеясы” аталышында инсталляция тургузулат. Ал мигрант аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында ачылмакчы. 27-ноябрдагы иш чара «Дүйнөнү саргылтка боёп, аял-мигранттардын укуктарын коргойбуз» деген ураан менен өтөт. Саамалык эл аралык аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотобуз аттуу 16 күндүк кампаниянын алкагында уюштурулат. “Эл […]

Бүгүн маданият кызматкерлеринин күнү

Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 1995-жылдан бери белгиленип келет. 1926-жылы 2-ноябрда кыргыз тарыхында биринчи жолу Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы  кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу токтом чыгарган.

Кыргызстанга Түркиянын жети шаарынан түз учууга болот

Буга чейин Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Бишкек-Стамбул  каттамы гана иштеп келген болсо, эми жети шаарынан түз каттамдар уча баштайт. Бул тууралуу Түркиянын жарандык авиация башкармалыгы интернет сайтына расмий жарыялады. Анда айтылгандай, Анталия, Алания, Даламан, Бодрум, Самсун, Кападокия жана Газиантеп шаарларынан Кыргызстанга түз каттам ачылат. Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин тийиштүү министрликтеринин ортосунда жарандык авиация жана Анкарадан Бишкекке түз […]

Капчыкты каккан кыз себи. Видео

Казакстанда кызга берилген сеп социалдык тармактарда талкууга жем таштады.  Интернет желесинде келиндин себи тартылган видео таркап баштады. Тасмадан келинди бардар үй-бүлөдөн экенин билүүгө болот. Төмөнкү видеодо келиндин себи толук тартылган. Жууркан-төшөк, эмеректерден сырткары кызга берилген кийити да бар. Келинге жылдын төрт мезгилине ылайыкташкан 25 жуп бут кийим берилген. Социалдык тармак колдонуучуларын шубанын 5-6 түрү таң калдырып […]

Эл аралык кыздар күнү эмне үчүн белгиленет?

Бүгүн, 11-октябрь — кыздардын эл аралык күнү. Бул күн Кыргызстандын бардык аймагында кыздардын укуктарын жайылтуу багытында белгиленүүдө.  Кыздар күнүн белгилөө 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бекитилген. Негизги максаты — кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп эсептелет. Эл аралык кыздар күнү секелектер тууралуу көйгөйлүү маселелерди ачык айтып чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун аныктай […]

Кулчулуктун курмандыктары өз тагдырын айткандан уялышат

Ош шаарында “Адам сатуунун алдын алуу” темасында семинар өтүп жатат. Окутууга Кызыл-Кыя, Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы аймактык кеңештин, айыл өкмөттөрдүн жана мэрия өкүлдөрү,  укук коргоо органдарынын ошондой эле миграция боюнча эксперттер чакырылган.  Окутуу жөн гана презентация, видео мисалдар менен эле чектелбестен катышуучулар тарабынан кызуу талкууларды жаратты. Аймактык кеңеш өкүлдөрү “Эмне үчүн адам сатуунун курмандыктары тергөө […]

ДКО-2018: Казакстан курамасы көк бөрү оюнуна катышты

Бүгүн, 5-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында Көк бөрү боюнча топтук таймаштардын үчүнчү күнү өтүп жатат. С тобунда Казакстандын курама командасы өзүнүн биринчи оюнун ойноп, 15:3 эсебинде Красноярск (Орусия) командасын утуп, биринчи үч упайын топтоду. Бүгүн эле казакстандыктар өзүнүн тобундагы кийинки атаандашы болгон АКШ командасы менен оюн өткөрөт. Таймаш саат 15:00гө пландаштырылган. Буга чейин көк бөрү […]

Сахалинде каза тапкан кыргызстандыктардын тек-жайы аныкталды (видео)

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандык жарандардын тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу “Т-Медиага” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев билдирди. Анын айтымында, каза болгон жарандар 22-23 жаштагы Өзгөн районунун тургундары болуп чыккан.  Алардын сөөгү 20-августта гана казып чыгарылды.Учурда маркумдардын туугандарына кабар берилди. Каза болгон жарандардын сөөгү 21-августта соттук экспертизадан […]

Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармаш үчүн бешинчи жолу долларды саттыкка чыгарды

Улуттук банк апрель айынан бери алгач жолу валюта базарына интервенция жасап, 19 миллион 50 миң сомду сатыкка чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Муну менен жыл башынан бери Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармаш үчүн бешинчи жолу доллар сатты. Ушул аптанын башынан бери Кыргызстанда доллардын курсунун көтөрүлгөнү байкалган. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча […]