таза суу - Т-медиа

Ош шаарындагы суу жетпеген аймактын абалы (микровидео)

Ош шаарынын 218-кварталына такыр суу тартыла элек. Тургундар шаар бийлигине кайрылганы менен андан майнап чыкпай келүүдө. Ал аймакта 6000 чамалуу калк жашайт. Жергиликтүүлөр шаар бийлигинен үмүтү үзүлгөн соң өкмөткө же Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылууну эп көрүп жатышат. Аймактагы абал тууралуу кыска видеону көрүңүздөр.

Өзгөндүктөргө Кытай компаниясы суу чыгарып берди

Кум-Бел көмүр кенин иштеткен Кытай «Цзинь Лун»  тоо кен ишканасынын калдыктарынан улам суусуз калган Өзгөн районунун Зергер жана Кара-Таш айылдарына таза суу жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өкмөттүн тапшырмасы боюнча техникалык жана экологиялык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен «Цзинь Лун» ЖЧКга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча […]

Жээнбеков: Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты. Мамлекет башчысы президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген убадасын эске салды. “Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу […]

Ошто сууга болгон жаңы тариф күчүнө кирди

Ош шаарында жаңырган жылдын 1-январынан тарта таза сууга болгон баа кымбаттады.  Былтыркы жылдын 26-декабрында кабыл алынган Ош шаардык Кеңешинин токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, таза сууга болгон баа бюджеттик, коммерциялык жана өндүрүштүк ишканаларда жогорулады. Жаңы тариф боюнча мекеме-ишканаларда суунун баасы 2 сомдон 7 сомго чейин кымбаттаган. Эң жогорку тариф коммерциялык ишканаларга туура келсе, эң төмөнкү баа бюджеттик мекемелерге […]

Ошто таза суу токтойт

23-25-октябрь күндөрү Ош шаарында таза суу берүү токтотулат. Ушул убакытка жете турган сууну камдап алууну суу чарба башкармалыгы эскертүүдө.  Үзгүлтүк күзгү профилактикалык ремонттоо иштерине байланыштуу болуп жатат.  Эки күн аралыгында суу кампалары жана түтүктөр тазаланмакчы. “23-октябрь 24:00дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00гө чейин Ош шаарынын “Курманжан -Датка”, “Манас-Ата”, “Туран” аймактык кеңештеринен, “Достук” кичи районунан жана “Калинин” массивинен башка аймактарына […]

Өлкө таза суу менен толук камсыз болот

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандагы 653 айылдын, 22 шаардын жана 26 райондун борборлору ичүүчү суу жана саркынды суу тармактарын курулуп, оңдоп-түзөөдөн өтөт. Муну вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен биргеликте калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өткөн кеңешме билдирди. «Учурда өлкө калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыздалган эмес. Мындай […]

Оштогу суу тосмонун азыркы абалы

Ош шаарына чөмүлүүдөн кийинки таза суу барат. Калаанын башкы суу тосмосу ушул тапта чөмүлүүчү жайга айланды. Гигиеналык нормага каршы келген  жагдайларды «Т-Медианын» чыгармачыл тобу жеринен көрүп келген.

Чөмүлүүдөн кийинки таза суу. Оштогу суу тосмонун азыркы абалы. Микровидео

Ош шаарына чөмүлүүдөн кийинки таза суу барат. Калаанын башкы суу тосмосу ушул тапта чөмүлүүчү жайга айланды. Бул көрүнүштү «Т-Медианын» чыгармачыл тобу жеринен көрүп келген. Гигиеналык нормага каршы келген  жагдайлар төмөндөгү микровидеодо. Жогорудагы жагдайды Ош шаардык суу чарба башкармалыгы жокко чыгарды. Мекеменин билдирүүсүндө, булганыч суу шаар калкына эмес, эгин-талааларга кетчү арык-каналдарга барып кошулат.