тажикстан - Т-медиа

Сурамжылоо: Кыргызстан-Тажикстан беттешинде кайсы футболчу гол жаратат?

2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында кыргыз-тажик курамаларынын беттеши бүгүн 5-сентябрда Душанбе шаарында болот. Оюн борбордук стадиондо  Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат. 

Тажикстан чек ара жаңжалы боюнча үн катты

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча расмий билдирүү таратты. Расмий билдирүүдө 13-мартта Кыргызстан Исфара шаарынын Ворух жамаатынын аймагында Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык унаа жолун кура баштаганы жазылган. «Кыргыз тараптын бул аракетине чек арага жакын жашаган тажик жарандары нааразылык билдиришкен. Жооп катары кыргыздар тараптан ок атылган. Кыргызстандын укук коргоо […]

Бишкекте эл аралык жаштар форуму өтөт

Бишкекте көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн жаштарынын башын бириктирген форум өтөт. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиргендей, «Туризмди өнүктүрүү» аталышындагы иш-чара 26-28-февраль күндөрү уюштурулат. Катышуучулар тийиштүү мамлекеттик орган жана туристтик компаниялар менен бирге аталган тармактагы маселелерди талкуулайт. Тажрыйба алмашууга КМШнын аймагында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистандан […]

“Азаттыктын” тажик кызматынын веб-сайты бөгөттөлүп калды

Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Тажикстанда интернет-сайттардын, анын ичинде “Азаттыктын” тажик кызматы менен “Азия-Плюс” сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсызданууда. БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата даярдалган билдирүүдө “Ар бир киши өз көз карашын коомдук аянтча же интернет аркылуу билдирүүгө укуктуу. Биз Тажикстан өкмөтүн эл аралык милдеттемелерин аткарып, басма сөз эркиндигин камсыздоого чакырабыз” деп айтылат. Документте узак […]

Кош бойлуу келинин муунтуп өлтүргөн жаран 13 жылга соттолду

Тажикстандын Ховалинг районун тургуну Сафар Носиров келинин өлтүрүп салууда айыпталган. Сот аны 13 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Сотто Носиров 28 жаштагы Шахноза Абдураззакованы муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алды. Окуя быйыл 18-майда келини жыйылган тезектерди уратып алгандан кийин болгон. Носировдун айтымында, ал келининин тезектерди кайра жыйып коюудан баш тартканына жини келип өлтүрүп алган. Соттолгон адам буга чейин […]

Контрабандалык жүктөрдөн атайын эсепке 4 млндон ашык каражат которулду

“Кызыл-Бел-автожолу” көзөмөл өткөрүү жайынан эки жүк ташуучу автоунаа таштанды менен кармалды. Унааларга керектөөчү товарлар эмес, тигүү продукцияларынын калдыктары жүктөлгөнү аныкталган. Бул тууралуу улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети кабарлады Маалыматка ылайык, кармалган жүк ташуучу автоунаалар КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстан аркылуу транзит менен Тажикистанга бара жаткан. Автоунаалардагы жүктүн жалпы баасы 16 млн 173 миң 104 сомго барабар болмок. «Баткен» бажысынын эсептөөлөрү […]

Орусияда 5 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген жаран психиатриалык экспертизага жөнөтүлдү

Серпухов шаарында беш жашар тажик кызын өлтүрүүгө айыпталган Александр Семин психиатриалык экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу маркум Хувайда Тиллозоданын үй-бүлөсүнүн адвокаты билдирди. Адвокат Ольга Михайлованын айтымында, дарыгерлер Александр Семинди оорулуу деп тапса, ал эркиндикке чыгып же мажбурлап дарылатууга жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул арада орус басылмалары Александр Семин балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөн беш учурга катышы бар деп шектелип […]

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

13-сентябрда чыр чыккан кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Кырдаалды чек арачылар күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.  Мекеменин басма сөз кызматынын кабарлашынча, Баткен району менен Исфара районунун акимдери эл менен жолугушууларды өткөрүп, окуя катталган күнү эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ушул тапта эки өлкөнүн облус жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эскерте кетсек, кечээ Баткен […]