УКМК - Т-медиа

УКМК жарандарды чек ара маселесинде провокацияга алдырбоого чакырды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, жарандарды чек ара маселесинде, эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо келтирген жана улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат.

УКМК: мушташка катышкандарды жашырды деген милиция кызматкерлери кармалды

Бишкек шаарында эки кишини каттуу сабагандарды жашырды деп шектелген Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин (УКМК) маалымат кызматы билдирүү таратты.

Фарид Ниязов 48 саатка камакта калды

Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттык” аталган партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаеванын маалыматына таянуу менен жазып чыкты. Анын адвокатка шилтеме кылып айтканына караганда, Ниязовдун бөгөт чарасы 10-августта каралат. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги да тастыктады. 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана […]

Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына калтырылды.

Алмазбек Атамбаев 26-авгутка чейин УКМК нын тергөө абагында болот. Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, түз эле УКМКнын имаратына алып келишкен. Түнкү  21.00 чамасында  Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Кыяз Смаилов жана бир жан сакчысы Ички иштер министрлигине алып келинген болчу. 7-августта кечинде УКМК  Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан […]

Бакиевти мактаган тасма үчүн Шакиев УКМКга чакырылды

Курманбек Бакиевди мактаган видео тасманы көрсөткөн эки телеканалдын жетекчилери УКМКга чакыртылды. Бул тууралуу 1-августта мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Атайын кызматтан билдиришкендей ««New TV» жана «NUR TV» телерадиокомпанияларынын жетекчилери Шакиев Нурланбек Тургунбекович жана Келдибеков Бекболот Ахматбекович профилактикалык маекке чакырылды. Аларга чагымчыл видеону жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салынары тууралуу расмий эскертүү […]

Кыргызстанга кымбат унаа алып кирүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Унаа” мекемесиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Маалыматка караганда, УКМКнын “Унаа” мекемесиндеги кызмат адамдарына карата  козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрүнөн КР аймагына ташылып келинген […]

Бабановдун келишине карата митинг өтүүсү мүмкүн

“Республика” партиясы 13-апрелде саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын тынчтык митингин өткөрүү ниети боюнча Бишкек мэриясина кат жөнөттү. Мэрияга жазылган арыздын сүрөтү интернетке жарыяланды. Анда тынчтык митинги эски аянтта өтө турганы, ага болжол менен 10 миңдей киши катышары белгиленген. Муну менен катар коомдук коопсуздукту сактап берүү өтүнүчү да айтылган. Буга чейин аталган партиянын мурдагы лидери, Өмүрбек Бабанов […]

Ош аэропорту: багаждан 3 килограмм баңгизат табылды

Ош аэропортунан Кыргызстандын аймагы аркылуу Орусияга 3 килограммдан ашык маңзат алып өтүүгө аракеттенген жарандар кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.  Кармалгандардын баары коңшу өлкөлөрдүн биринин жарандары. Эки аял 26 жана 32 жашта. Аларга шериктеш эркек 33 жашта болгон. Алардын багажынан таңгакталып салынган 57 даана брикет табылган. «Багажды текшерүү учурунда жашыруун сактоочу жай табылып, жалпы […]

Разаков Тажикстандын чалгынчысыбы? Өкмөт үн катты

Өкмөттүн маалымат кызматы «вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына тиешеси бар деген маалыматтар чындыкка дал келбейт»- деп билдирди. Маалыматта вице-премьер-министр жөнүндө айрым интернет сайттарда, социалдык тармактарда жана парламентте айтылган маалыматтарды жалган жана чагым деп айтылат. «Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын өттү, тажик чалгынына тиешеси болсо анын бүтүндөй кызматтык ишмердүүлүгү учурунда байкалбай калмак […]