өзгөчө кырдаалдар министирлиги - Т-медиа

Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн таңкы саат 05:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кара-Кулжада кар көчкү түшүп, жол жабылды

Бүгүн эрте менен Мырза-Аке—Кара-Кулжа— Алайкуу жолунда кар көчкү түшүп жол жабылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалымат кызматынан кабарлады Билдирүүгө караганда, окуя бүгүн эрте менен саат 06:10 чамасында аталаган жолдун 75-76-чакырымында катталган. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 1 манипулятор тартылган.

ӨКМ ишине нааразылар чыкты. Видео

Ош шаарынын 218-кварталында кооптуу абалда турган таш кулап түшүү коркунучуна жетти. Абал жөнгө салынбаганына жашоочулар ӨКМге нааразы болушууда.  Жашоочулардын билдиришинче, коркунуч жараткан таш үч жылдан бери солкулдап турат. Министрлик абалды бир канча жолу текшерип кеткени менен чара көрбөй жатышат. Тоо этегинде турган үйлөргө коркунучтуу таш өтө жакын жайгашкан. Турак-жайлардын аралыгы 100 метрге да жетпейт. Жашоочулар […]

Өзгөндө дүкөндүн кампасы өрттөндү. Фото

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө үй тиричилик техникалары сакталган кампада өрт чыкты. Тилсиз жоодон 20  муздаткыч жана кир жуугуч машиналары күйгөн.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы «Т-Медиага» билдиргендей, өрт 23-сентябрда 11:50 чамасында чыгып,  саат 14:00до толук өчүрүлгөн. «Борбордук базардын сырт тарабындагы кампа өрттөндү. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери жана канча чыгым келтирилгени аныктала элек. Кошумча маалыматтар такталганда […]

Бишкек-Ош жолунда автоунаа оодарылып кетти

Бишкек-Ош унаа жолунда “Volkswagen Passat-B3” үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кетти. Кырсык 23-сентябрда 09:35де Чычкан капчыгайында катталган.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 эркек адам каза таап, бешөө жаракат алган. Кырсык болгон жерге ӨКМ куткаруучулары барышып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бүгүндөн аба ырайы өзгөрөт

Өлкөдө 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жана жайлоолордо кар жаашы күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетиши мүмкүн. 21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 16…21°, Талас өрөөнүндө 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, […]

Кыргызстанда жер титиреди

Бүгүн, 18-сентябрда саат 04:57де Чүй облусунда жер силкинди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча  Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй районунун Юрьевка, Алмалуу айылдарында 3 баллга, Кегети жана Арпа-Тектир айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат […]

Супарада эмнелер күйдү? ӨКМ тактады

Бишкектин четиндеги “Супара” этно комплексинин 1000 чарчы метр  аянты күйүп кетти. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова билдирди.  Маалыматка ылайык, этно комплекстин жаңы курулуп жаткан имараты жана 6 боз үй толук күйгөн. Азырынча келтирилген чыгым так аныктала элек. «Азыр материалдык чыгым эсептелип жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби да аныктала элек. Тактоо иштерин жүргүзүп […]

Баткенде автоунаа сайга оодалырып, айдоочу каза тапты

Баткен районунда «Фольксваген Гольф 2» үлгүсүндөгү автоунаа сайга оодарылып кетти. Кырсык 16-сентябрда Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде катталган.  Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу (1953-жылы туулган А.У.) каза болгон. Сайга оодарылган автоунааны ӨКМнин куткаруучулары жолго чыгарып беришкен.  

Кара-Кулжада тоют менен кошо сарай чатыры өрттөндү

Кара-Кулжа районунун Жаңы-Талап айылында сарайдын 120 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Андан сырткары, 2 тонна чөп жана 500 боо жүгөрү өрттөнгөн.  Бул тууралуу өзгөчкө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Анда маалымдалгандай, өрт 4-августта 19:30дар чамасында катталып, саат 21:20да толук өчүрүлгөн. ӨКМдин билдиришинче, азырынча өрттүн эмнеден келип чыкканы аныктала элек. Учурда себептери менен келтирилген чыгым такталып жатат. Эскерте […]