жаңылыктар - Т-медиа

Ак шумкарларды аэропортто тосуп алуу. Фото

Бүгүн, 24-январда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогуна катышкан Кыргызстан курама командасы өлкөсүнө кайтып келди. Түнкү саат 04:30 экенине карабай  футболчуларды тосуп алууга келген күйөрмандардын саны арбын болду. Улуттук курамабызды вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да барган. Ал сөз сүйлөп курамага жана анын машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди. Ак шумкарлар менен жолугушуу бүгүн 15:00дө Ала-Тоо аянтында […]

Отставкадагы милицияга кол салышты

Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Бишкектин Кызыл-Аскер кичи районунда Патриса Лумумба жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде К. Д аттуу жаранга белгисиз адамдар кол салган. Бул тууралуу өздүк булактарыбыз билдирди. Маалыматка таянсак, отставкадагы милиционер дүкөндөн чыгып, өзүнүн унаасын көздөй басып бара жатканда «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаадан эки бала түшүп, машинага салып кетүүгө аракет кылат. Бирок К.Д мурда укук коргоо […]

Өзбекстандын белгилүү куудулу Обид Асомов кайтыш болду

Бүгүн, 14-декабрда Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти, куудул Обид Асомов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Өзбекстандын «UzNews.uz» сайты жазып чыкты. Обид Асомов 55 жашта болчу. Анын дүйнө салгандыгы боюнча маалыматты артисттин жакындары тастыкташкан. Ал 11-декабрда ооруканага оор абалда түшкөн. Дарыгерлер ага «инфаркт миокарда» диагнозун коюшкан. 2000-жылдары ал Орусиянын «Кривое зеркало» аттуу программасында юморист Евгений Петросян менен биргеликте […]

“Азаттыктын” тажик кызматынын веб-сайты бөгөттөлүп калды

Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Тажикстанда интернет-сайттардын, анын ичинде “Азаттыктын” тажик кызматы менен “Азия-Плюс” сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсызданууда. БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата даярдалган билдирүүдө “Ар бир киши өз көз карашын коомдук аянтча же интернет аркылуу билдирүүгө укуктуу. Биз Тажикстан өкмөтүн эл аралык милдеттемелерин аткарып, басма сөз эркиндигин камсыздоого чакырабыз” деп айтылат. Документте узак […]

Самара Каримованын ордуна жетекчи болуп Каримов келди

Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгынынан билдиришти. Аталган окуу жайга 39 жаштагы Нурлан Каримов жетекчи болуп  дайындалган. Ал сынактын негизинде тандалып алынган. Каримов буга чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген. Эске сала кетсек, буга чейин ырчы Самара Каримова 24-октябрь […]

Москвада мигранттарга патент баасы жогорулайт

Москвадагы эмгек мигранттары үчүн патент баасы көтөрүлдү. Жаңы жылдан тарта 500 рублга көбөйүп, айына 5 миң рублды түзүп калат. Салык мыйзамына өзгөртүүлөр Москва шаардык думасы тарабынан киргизилди. “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Инна Светенко мигранттардын кирешелери көбөйгөнүнө байланыштуу Москвада иштеген мигранттар үчүн патент баасын көтөрүү чечими кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылы Орусия борборунда эмгектенген чет […]

Ата-энеси миграцияда жүргөн беш жаштагы кыз зордукталды

18-ноябрда Өзбекстандын Фергана облусунун Учкуприк районундагы айылдардын биринин четинде эс-учун жоготкон беш жаштагы кыз табылган. Фергана облустук ички иштер башкармалыгынан алдын ала тергөө иштери аяктап, факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришкен. Учурда шектүүлөр суракка алынып жатат, бирок азырынча эч ким кармала элек. Зордукталган кыздын туугандарынын бири анын ата-энеси Казакстанга иштегени кетишкенин, кыз […]

Бүгүн маданият кызматкерлеринин күнү

Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 1995-жылдан бери белгиленип келет. 1926-жылы 2-ноябрда кыргыз тарыхында биринчи жолу Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы  кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу токтом чыгарган.

Кыргызстанга Түркиянын жети шаарынан түз учууга болот

Буга чейин Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Бишкек-Стамбул  каттамы гана иштеп келген болсо, эми жети шаарынан түз каттамдар уча баштайт. Бул тууралуу Түркиянын жарандык авиация башкармалыгы интернет сайтына расмий жарыялады. Анда айтылгандай, Анталия, Алания, Даламан, Бодрум, Самсун, Кападокия жана Газиантеп шаарларынан Кыргызстанга түз каттам ачылат. Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин тийиштүү министрликтеринин ортосунда жарандык авиация жана Анкарадан Бишкекке түз […]

Кош бойлуу келинин муунтуп өлтүргөн жаран 13 жылга соттолду

Тажикстандын Ховалинг районун тургуну Сафар Носиров келинин өлтүрүп салууда айыпталган. Сот аны 13 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Сотто Носиров 28 жаштагы Шахноза Абдураззакованы муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алды. Окуя быйыл 18-майда келини жыйылган тезектерди уратып алгандан кийин болгон. Носировдун айтымында, ал келининин тезектерди кайра жыйып коюудан баш тартканына жини келип өлтүрүп алган. Соттолгон адам буга чейин […]