Жээнбеков - Т-медиа

Ниязов Стамалиеванын айткандарын четке какты

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиевага президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов жооп кайтарды. Кечээ, 9-апрелде президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Facebook баракчасына экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу билдирүү жазып чыккан. Анда Стамалиева Атамбаев кыргыздардан чыккан Дэн Сяопин болгусу бар деп алты бөлүктөн турган баян чыгарган. Ошондой эле ал кыйыр түрдө СДПК шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековдун […]

Жээнбеков Путинге кандай тайган белек кылды? Кинолог баа берди

Орусиялык кинолог Виталий Орлов life порталына Владимир Путинге Бишкекте тартууланган күчүк боюнча пикирин билдирди. Ал  тайган —  балуу ит экендигин белгилеген. «Ал ит менен көргөзмөлөрдө жүрбөйт. Итти баккан адам эмне максатта, кандай ойдо кармаганын билет. Тайган — Тян Шань тоолорунан чыккан түр. Ал майда жандыктардан сырткары, карышкырга дагы тиш сала алат. Тайган өтө балуу жаныбар. Кыргызстан Орусиянын президентине өзүнүн улуттук дөөлөтүн тартуулады», — дейт ал […]

Жээнбеков менен Путин тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн, 28-мартта Бишкекке мамлекеттик иш сапары менен келген Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тар чөйрөдө сүйлөшүү өткөрдү. Президент Сооронбай Жээнбеков орусиялык кызматташы менен жылуу учурашып, иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Евразия Экономикалык Биримдигине ыңгайлашуусуна Орусия чоң көмөк көрсөтүп жатканына, кезектеги аскердик-техникалык колдоосуна ыраазычылык айтты. «Кыргызстанда сизди чыныгы дос жана ишенимдүү […]

Жээнбеков: Назарбаев биздин замандын көрүнүктүү саясий ишмери

Кечээ 19-мартта, президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда  Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жасаган эмгегин чоң экенин билдирди. «Нурсултан Назарбаев биздин замандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, реформатор, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан «,-деди Сооронбай Жээнбеков. Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстандын […]

Жээнбеков: Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты. Мамлекет башчысы президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген убадасын эске салды. “Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу […]

Жээнбеков: жылына ар бир район борборуна 3 чакырым асфальт төшөлөт

Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчынын белгилешинче, ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир район борборлорунда жыл сайын 3 км кем эмес жолдорун асфальттоо боюнча маселеси бар. «Транзиттик мамлекет болууга аракет кылып жатабыз. Мурунку […]

Түкүрүү боюнча жазаны артка кайтарыш керекпи? Сурамжылоо

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу жана түкүрүү» беренесин кайра карап чыгууну демилгеледи.  Абылгазиев муну түкүрүккө салынчу айып пулга коомчулуктун кайчы пикирине байланыштуу көтөрүп жатканын белгиледи. «Бузуулар» жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүргөнү» үчүн 5500 сом айып пул менен жазаланат. Жаңырган жылдын 1-январынан […]

Жаңы эрежелерди канчалык билесиз? Тест

Жаңырган жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда беш кодекс жана эки мыйзам иштей баштады.  «Т-Media GROUP» КРнын «Бузуулар» жөнүңдө кодекси боюнча сурамжылоо жүргүзөт. Жаңы эрежелерди канчалык билесиз?  Тесттен өзүңүздү сынап көрүңүз.

Жээнбеков: Кыргызстанга чек ара коопсуздугун камсыздоо маанилүү

Президент Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңешинин 80-мааракелик жыйынынын катышуучулары менен жолугушту. Мамлекет башчы Кыргызстан үчүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тышкы  жана ички саясатындагы негизги маселелердин бири экендигин белгиледи. «Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңеши жалпы тарыхый тамырларыбызга, улуттук кызыкчылыктардын окшоштуктарына жана менталитеттердин жакындыгына таянып,  чек ара […]