жер титиреди - Т-медиа

Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн таңкы саат 05:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргызстанда жер титиреди

Бүгүн, 18-сентябрда саат 04:57де Чүй облусунда жер силкинди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча  Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй районунун Юрьевка, Алмалуу айылдарында 3 баллга, Кегети жана Арпа-Тектир айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат […]