Патрулдук милиция кайрадан түзүлөт. Президент макулдук берди

Патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоор алгач Бишкекте ишке ашат. 2019-2020-жылдардан кийин реформа бүт өлкөнү камтыйт. Жумушчу топ иштеп чыккан реформага президент Сооронбай Жээнбеков макулдугун билдирди. Президент стратегиянын пландарын ишке ашыра баштаса болоорун эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен болгон жолугушууда белгиледи. «-МАИни реформалоо боюнча жумушка жарандык сектордун катышуусу республиканын жолдорундагы жарандардын коопсуздугун сапаттуураак камсыздоодо жана милицияга […]

Ошто автоунаа сууга оодарылып кетти (фото)

Ош шаарында Nissan x trail үлгүсүндөгү автоунаа каналга оодарылып кетти. Кырсык 25-июлда 16:00 чамасында Моминова көчөсүндө катталган. Автоунааны аял киши башкарып келаткан. Ал Ош шаардык прокуратурасынын жанындагы каналга бурулуп жатып оодарыла кетти. Автоунаанын ичиндеги аялды окуяга күбө болгондор куткарып алышты. Бактыга жараша ал оор жараат алган эмес. Оодарыла кеткен машинаны эвакуатор чакыртып, жарым сааттын тегерегинде […]