
Кечээ, 8-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Бишкек-Ош унаа жолундагы Барпы айылынын аймагында, Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, жол кырсыгынын кесепетинен жеринде 2 адам каза болгон , ал эми жаракат алган 1 адам ооруканага баратып, жолдо каза болгон. Каза болгон адамдар Hyundai Porter унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү болушкан.
Пикир калтыруу